Алтынай Нарбаева Кимибизден?

Жүктөлгөн: 24-05-2011
04:20
25.77 Мб
Жанр:
Алтынай Нарбаева "Кимибизден?"
Сөзү : Д.Садырбаевдики
Обону : Ж.Кочкоровдуку
Менденби же сенденби, кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден.
Адашып, атаганат, баратабыз,
Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн.

Кайран кез, кандай сонун убак эле,
Сезимде эңсөө туруп турар эле.
Сагынып, самап келсем сапарымдан,
Саамайың саамал кымыз сыңар эле.

Башатын махабаттын чандың беле?
Байкабай капа кылып алдың беле?
Болбосо жаш селкиге менден артык,
Бой салып, ашык болуп калдың беле?

Көңүлдүн муз төрүнө бара электе,
Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе.
Жаркыным, суу куя көр сезимдерге
Тамыры такыр кургап кала электе.
Комментарийлер (29)
Ledi5
2011-09-28 20:09:31
super!
0
mirumir
2011-10-07 17:44:41
абдан жакшы ыр.
0
kulpunaikg
2011-10-20 21:48:26
Укмуш сонун ыр....
0
JOKER888
2011-10-24 09:31:40
маркум Дооронбек Садырбаев агабыздын ыры да. Алтынай эже абдан жакшы аткарыптып, азаматсыз!
0
malina
2011-11-16 02:51:15
мааниси аябай жакшы ыр екен.эжеге Рахмат ,бар болунуз,чыгармаларыныз оркундой берсин.
0
caida
2012-04-02 20:48:03
мен учун жаралган ырдай,ийгилик!
0
razalina24
2012-05-13 17:30:27
Мен бул ырды суйом
0
take41
2012-07-02 18:10:17
акындар ушундай конул эргитчуу ырларды жазгылачы сураныч
0
omo93
2012-08-12 10:29:18
мага аябай жакты
0
take41
2012-08-22 23:28:40
Саамайын саамал кымыз сынар эле кандай сонун
0
aygul_90
2012-10-21 19:03:21
Кайран кез кандай сонун убак эле
0
ales
2013-02-24 03:25:47
...Бой салып, ашык болуп калдын беле?...

...Жаркыным суу куя көр сезимдерге,
Тамыры такыр кургап кала электе
эээ... иии...
0
a.akz
2013-06-14 09:23:17
Машинадан мен угуп алып берилип кошо ырдап кетип бара жатып ГАИ тосконун байкабай отуп кетиптирмин, аркаман кубалап келди.
+2
aiza.kyrgyzkyz
2013-06-28 04:45:23
a.akz, жакшы ыр мен да аябай ырдайм ушул ырды Алтынай Нарбаева эжекедей эч ким жакшы ырдай албайт экен озу сизге ийгилик эжеке
+1
nurgul-92
2014-04-01 04:05:12
sonun yr bırok bızdıkıler nege baalabait yr dep usunu aitat bar bolunuz altynai ejekooo oorubanyz bız kyrgyzdar sız m.n syimyktanabyz
0
Nyr4ik
2014-10-30 23:41:17
Алтындай уну бар ырлары журоко жетет ушул эженин бут ырлары жагат да жагат иииии балллииии
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан