Фарида Өмүрзакова Балама

Жүктөлгөн: 01-06-2011
03:27
58.29 Мб
Фарида Өмүрзакова "Балама"
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : Э.Мааданбековдуку
Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекелеп жарпым жазарым.
Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.

Көңүл төтө кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим,
Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан, асыл данегим.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кандан чыккан, асыл данегим.

Сагынганда жетер кулачым,
Самаганда жыттаар кубатым.
Башкаларга эч бир алмашпас,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
Кагылайын орун басарым...
Комментарийлер (9)
muratkyzyaigul
2011-06-01 20:06:41
эн соонун
0
kyrgyzstan996
2011-06-03 15:40:43
абдан жакшы!!! ыр дегенди ушунтип ырдаш керек!!!
0
shuma
2011-06-25 17:51:03
Ай клиб ыргызча сапат дайыма! Бир аз ырдын денгээлине окшотуп койсо болмок! Аябай начар, жана колхозчо монтаж жана съемкалар!
0
Русланчик
2011-07-05 18:38:08
shuma_Gniloi vas za bazarom sledi!!! "жана колхозчо монтаж" rodnoi esli 4to ne tak pri sebe derji!!!
0
mnuwka
2011-08-10 02:17:27
Farida eje yr butkon4o balanyzdy korombu dep olturdum .......ozunuzdun balanyzdy kowpoptursuz al 4on jigit bolup kalgango ....
0
moinok
2011-09-25 16:58:53
Жакшы ырдаган.Бирок Кыргызча кийим менен тартылганда эмнеге топусун чечип койгон?Андан да ошо кыска чачы сулуу корунгон го эжекебизге.Улуттук кийим менен топу аябай сонун жарашкан.Ушул жери жаккан жок.
0
tilekbek
2012-05-05 19:04:12
эн сонун
0
Ozgocho
2012-07-04 23:05:41
Эн сонун тартылган. shuma сен биринчи туура жазганды уйрончу анан бироого сын тагасын.
0
NUR.DIM
2012-07-31 23:34:28
Эн сонун. Рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан