Эркин, Mr. Баха Звездамын

Жүктөлгөн: 09-06-2011
03:09
74.29 Мб
Эркин , Mr. Баха "Звездамын"
Сөзү : Эркин Эгенбердиевдики
Обону :
Саламатсызбы, ырчы байке?

Бул супер-газета "Таха",

Мен журналист - мистер Баха.

Жолуксам деген тилегим да,

Мен сизди жакшы билемин.

Элге жаңылык жиберген бизбиз,

Атыңызды такыр эле укпаптырбыз,

Деги кимсиз?!

Анда эмесе, микрофон сизде:



Саламатчылык!

Атым Альпак, псевдонимим Альберт.

Ой-ой, мен "звездамын",

Тиякта-биякта концерт.

Стилим бушлат, концертим аншлаг.

Дагы эмне десем?

Ары бардым, бери бардым,

Бүт каздым, таппадым.

Акыры “Звездамын” деген ыр жаздым,

Продюсерим жүгүрүп жатат,

Баарын бүтүрүп жатат,

А мен күтүп жатам.



Хей, мени жазгыла, тарткыла,

Газета-журналдарды ачкыла.

Чоң жаңылык болдум!

Кечээ эле тиземди сыйрып алдым.



Аха, рахмат, жакшы!

Айтыңызчы, Альпак байке,

Көппү, күйөрмандарыңыз,

Жана дагы кандай, үй-бүлөлүк абалыңыз?

Кана, кантип, кандай болуп,

Чыгат сиздин ырларыңыз?

Буга кандай кабарыңыз?



Ой-ой, көз тийбесин, ары карап түкүр,

Күйөрмандар Кудайга шүгүр.

"Голосум" - бас, тенор, альт-альт,

Кыздар мага жалт-жалт жайнайт.

Мен шайыр бала, шайдоотмун,

Азырынча бойдокмун.

Ырларымды кандай кылам, кантем,

Мына силерден жашырып нетемин?

Карап көрөм барактардан,

Сураштырам туш-туш тараптардан.

Бербей койсо тараптар,

Бар го, бизде, Кудай берген казактар.

Мен алдыга баратам,

Эки күндүн биринде хит ырларды жаратам.



Чиркин, мына, кызыктар, Жаңылык бар, кыргыздар.

Окугула, окугула, бизде ушундай жылдыздар.

Рахмат, сага, Альпак! Бизди кандай баалайсыз?

Кыргыз элине деги эле эмнелерди каалайсыз?



Рахмат, супер-газета "Таха", Бар бол, мистер Баха!

Мен чыныгы кыргызмын, ооба, мен кыргызмын,

Дагы ырчылар төрөлсүн, жылдыздар дагы көбөйсүн.

Адам болуш аста-аста, "звезда" болуш бир паста,

Жалкоолукту коёлу, эмгекчил адам бололу.

Келип тургула, мен концерт койгондо,

Чакырып тургула тойлор болгондо.



Чын эле ыр тамаша,

Бар экен чындыгына жараша.

Ырчы деген кызык ойду жаратат,

Ырчы деген баркы кетип баратат.

Да-а, ырчысың, ырларың сенин ар кандай,

Ырдагын ырларың кылымдарга калгандай.

Азыр сен жанып турган жылдызсың,

Анан сен күйүп турган жарыксың,

Бара-бара түтөп турган чыраксың.

Эй, төбөң жетип турса да булутка,

Артыңды кара, ким экениң унутпа!

Рыспай, Асанкалыйлар бар кыргызда,

Дагы көп ырчылар калды тарыхта.

Ырлары шедевр болуп келе берет,

Ырдалып эл оозунда кала берет.

Демге күч, күчкө кубат бере берет.



Ырдагыла, ырдагыла катыра,

Ооба, бизде "звездалар" толтура.

Бар арасында жакшылар,

Элдин сыйын таптыңар.

Бул силердин бактыңар,

Көтөрүлсүн баркыңар.

Алыска кетсин даңкыңар,

Ырларың сенин ар кандай,

Ырда кыймыл алгандай.

Кыргызмын деп чет элдерге баргандай.

Бир саат эле жылдызсың,

Жарым сааттан кийин жарыксың,

Беш мүнөттөн кийин чыраксың,

Андан кийин түтүнсүң. Бүттү!
Комментарийлер (118)
menedjer
2011-11-16 11:25:56
прикольноооо
+1
gaajoo
2011-11-27 13:11:17
superrr!!!jakti
+2
Baktygulya
2011-12-29 23:56:20
хахах...НИШШШШШТЯК Челы...
+1
EDUARDO
2012-01-11 23:15:47
прикольно)))
0
mmaka55555
2012-03-29 20:27:52
super clip respecTOYOU
0
lime_boy
2012-04-19 13:05:52
mr.BAHAнын ырларын коп-коп жуктосонор.серезный RAPAR!!!555
+1
landysh
2012-05-23 14:35:30
Erkin azamatsyn
+9
koshmatov
2012-07-21 19:24:27
супер аябай сонун чыгыптыр
+4
n73
2012-08-14 17:15:26
Азамат мисссссссссссстер Баха Бу жигит менин курсташ досум Жарайсын алга алга
+1
EMMI
2013-03-12 07:56:34
мистер баха азаматсын
0
sukre
2013-03-17 08:57:31
уважаю, молочик! Так держать.
+5
Oskar777
2013-05-08 19:39:04
Просто, логично и в точку! Молодцы!!!
0
tokmok1
2013-08-23 04:28:51
сонун экен
0
Elzar01
2013-09-25 13:35:49
Супер мистер баха сонун
0
aziret_voin
2013-11-30 07:23:40
Эң эң эң сонун ыр мага жагат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан