Сөзү : А.Акбаровдуку
Обону : К.Артыковдуку
Балбылдаган көздөрүңдөн,
Неге шоола чачырайт?
Кызгалдактай эриндериң,
Сезимиңди жашырат.
Кызыл алмам, ээлеп алдың,
Кыялымды, түшүмдү...
Нөшөр болуп,
Кусалыкты жууп өтчү батыраак.
Назик, мукам күү өңдөнүп,
Төгүп койчу күлкүңдү,
Ыр сунайын бир өзүңө,
Махабатым тартуулап.
Жаркыйт көңүл сени эстесем,
Чар тарабың гүл жайнап.
Жалын болуп жанат жүрөк,
Махабаттын өртүнөн.
Азгырасың жан дүйнөмдү,
Ак кайыңдай бүр байлап.
Ай нурунда кыялымда,
Терезеңди өпкүлөйм.
Жашыл жазым кышка айланат,
Бирок сүйүүм кыярбайт.
Жоогазындай жаштыгымды,
Саргайтпачы, өтүнөм.
Көздөрүмө сүрөт болуп,
Элестериң байланып.
Көрүп турам, жаным, сенден,
Кайталангыс сулуулук.
Коштоп келем сени жандап,
Өмүр бою айланып.
Күн өңдөнүп а сен мага,
Чачып турчу жылуулук.
Өзүң барда түндөр сулуу,
Дүйнө сүйкүм, ажайып.
Өмүрүмдү бүтүн бойдон,
Сунам сага ыр кылып.