Өмүр деген кыпкызыл гүл жайнаган, Өмүр деген булбул бакта сайраган. Өмүр барда өкүнбөстөн, ойноп-күл, ойноп-күл, Өмүр өтсө, жаратылбайт кайрадан.
Оо, өмүр, сен чалкып жаткан көлдөйсүң, Бирде, өмүр, салкын соккон желдейсиң. Каалаганча пайдалана бергидей, бергидей, Же, өмүр, сен колдо буюм эмессиң.
Жаштыгым, сен кайда калып баратат? Өмүр өтсө, ак чач кылып жаратат. Арт жагынан ак жоолугун булгалап, булгалап, Алыс калдың, айланайын бала чак.
Узунбу өмүр же кыскабы, ким билет? Акыр бир күн сокпой калат бул жүрөк. Сыйлашалы өмүр өтүп кеткенче, кеткенче, Көңүл калуу өлүмдөн да күчтүүрөөк.
Комментарийлер (65)
ilgiz
2011-09-18 23:21:33
А клип болсо фуфло!! жакшы ырды бузуп салышыптыр клиби мн!!!
0
merikeit
2011-09-30 10:43:58
мага да жакты
аябай сонуну болуптур........
+1
Neo85
2011-09-30 16:21:37
Биринчиден клиптеги машинаны таап суйлосон фуфло!!
-1
avangardjiza
2011-10-02 13:34:01
maga da ajabai jaktu
0
Azhymaliev
2011-10-02 13:51:48
Роза эженин уну аябай жакшы соз жок,бирок клиптен озгочолук коро албадым катардагы эле дежурный клип болуп калыптыр жакшы ырга,жакшы клип тартса болмок