Зейнеп Шаакеева Чагылган

Жүктөлгөн: 10-08-2011
02:11
35.08 Мб
Жанр: Ретро
Зейнеп Шаакеева "Чагылган"
Сөзү : К.Алмазбековдуку
Обону : А.Атабаевдики
Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым?
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
"Дагы, дагы жарк дей түшсө экен" деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
Комментарийлер (11)
Almaz1986
2011-08-10 23:28:20
кандай сонун ырларыбыз бар!
0
zman53
2011-08-11 17:39:33
Чоро Кожомжаров жана Зейнеп Шакеева Накта ЖЫЛДЫЗДАР!
+1
Барби
2011-08-17 12:58:52
вау, кайталангыс ун.
0
ulake
2011-08-21 19:26:08
Клип просто супер!
0
Jeki
2011-08-24 11:23:49
Эл суйгон ырлардын бири. кырыгздар ушундай мыкты таланттар менен кобойо берсин!
0
madonna
2011-08-26 10:14:09
азыркы ырчыларыбыз ушундай жанга синимдуу, туболуктуу ырлардан угуп коруп улгу алса боло, ырларынын баары "разовый"..
0
sejin
2011-09-10 19:35:11
abdan jakwi ir
0
rema
2011-09-24 20:50:45
Ун деп ушул эжебиздин унун айтыш керек. Ырчылар ушундай таланттардар улгу алса.
+1
TITANIK
2012-08-27 14:26:15
+100000000
+2
men70
2013-01-26 23:03:58
Керемет абаз!!!!!!
0
LISICHKA
2014-01-31 13:41:08
Бул ырчынын унун уккандан жадабаймын.ПРОСТО СУПЕР!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан