Кубаныч Сатаев Бөлүнбө, кыргыз

Жүктөлгөн: 29-08-2011
03:53
59.15 Мб
Кубаныч Сатаев "Бөлүнбө, кыргыз"
Сөзү : Ж. Турсунбаевдики
Обону : К. Сатаевдики
Биз кайда, кыргыздар, адашып,
Адашып баратабыз?
Түйшүктү өзүбүз жаратабыз.
Бөлүнүп түштүккө, түндүгүнө,
Ынтымак ыдырап барат алыс.

Кайырма:

Бөлүнбө, кыргызым,
Бөлүнбө, бөлүнбөгүн!
Бөлөккө ыркы жок улуттай көрүнбөгүн.
Элим менин, бөлүнбөгүн, бөлүнбөгүн.

Тарыхта кыргызым кадырлуу,
Тамырлуу, бийик элден.
Душманы тизесин ийип келген.
Манасы жол баштап кыйын күндө,
Курама кол топтоп, жыйып келген.

Кайырма:

Биригип биз бүгүн ырыскы, бакыттан кайык жасап,
Биримдик, достукту калыптасак.
Алданбай эл-журтту бөлгөндөргө,
Ак жолдон адашып, жаңылбасак.

Кайырма:
Комментарийлер (16)
mangok
2011-08-29 12:56:51
jakshi jakshi ukkuluktu eken))atana raxmat atana!!!
0
Luckyman
2011-08-30 04:05:39
mangok, ыры ээми эле чыкты го) я конечно понимаю что отец был великим талантом, но все же тут и его заслуги есть)) жон эле атана рахмат атана деп!
0
Kagan
2011-08-29 14:12:10
Бөлүнбө, кыргызым,
Бөлүнбө, бөлүнбөгүн!
Бөлөккө ыркы жок улуттай көрүнбөгүн.

Биригип биз бүгүн ырыскы, бакыттан кайык жасап,
Биримдик, достукту калыптасак.
Алданбай эл-журтту бөлгөндөргө,
Ак жолдон адашып, жаңылбасак.
Эн жакшы саптар
0
jediger
2011-08-29 23:49:45
Кубаныч сенин ырларын укмуш...Атандын арбагы колдосун...
0
jediger
2011-08-29 23:50:37
ушундай элдин журогуно тийе бере турган ырлардан кобуроок жарата бер...
+1
nazgul1223
2011-08-31 02:53:23
jakwu maga jaktu kurguzstanumdu sagundum
0
RIELTOR
2011-09-02 22:24:30
рахмат.ушуга окшогон патриоттук ырлар аябай керек мезгилде жаратыпсынар! Азамат!
0
TolonturCN
2011-09-09 11:26:14
мекенчил, кыргызчыл ушундай ырлар абдан керек ушул учурда.
0
nukura_kyrgyz_bala
2011-10-09 09:23:11
kubany4 baike byl yrynyz en mykty boluptur!!! maga abdan jakty,ywyndai yrlar kyrgyz eline erteli ke4 bolso dagy bawyna kiret bolyw kerek degen ymyttomyn,,,
0
eldos_kg
2011-10-24 09:44:02
ушул ыр абдан жагат
0
LadyDia
2011-12-16 10:18:19
Эн сонун ыр!!!!!
0
Maxima
2011-12-16 13:37:11
Куба азамат, мага жагат!!!
0
2012-01-18 22:17:06
abdan sonun yr eken!!!
0
sattarov
2012-02-26 03:56:14
брат суппер!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
Jiza
2012-03-14 09:33:40

Кыргыз элине сабак болчу, келечеги бар ыр экен, сага албан ийгиликтерди каалайбыз! Осуп-оно бер! Кыргыздын атын чыгарган, кадыр-барктуу ырчылардансын, сен менен сыймыктанабыз!
0
Bolo
2012-05-31 12:15:55
Азамат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан