Асманга жөлөк болгон тоолор менен,
Ааламда бейиш жери - биздин мекен.
Ак пейил, ар-намыстуу элибизди,
Ала-Тоо - алтын бешик алдейлеген.
Элибиз эң байыркы улуу элден,
Эркиндик асабасын желбиреткен.
Эр Манас баатыр баштап далай эрлер,
Эзелтен Ата Журтту сактап келген.
Кайырма:
Кыргызстаным - менин мекеним,
Кыргызстаным -сенин мекениң!
Кыргызстаным, өркүндөй бергин!
Кыргызстан деп жашап келемин!
Эл-журтка дем-күч берген Ата Мекен,
Эң сулуу, кайталангыс, коюну кенен.
Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Баткен,Жалал-Абад, Таластай жер бар экен?
Асманга жөлөк болгон тоолор менен,
Ааламда бейиш жери - биздин мекен.
Ар дайым кыргыз жерин коргош - милдет,
Ак пейил кыргыз эли антка бекем.Кайырма: