Жакут Сыдыков Апа

Жүктөлгөн: 06-09-2011
04:04
62.86 Мб
Жакут Сыдыков "Апа"
Сөзү : Жакут Сыдыковдуку
Обону : Элдики
Бериңиз деп ыйлап,
Пенсияңызды жыйнап,
Мен Бишкекке келип алдым, апа.
Кайда барып жатам?
Кимдикине батам?
Кандай кылам билбей калдым, апа.
Борбор аянттагы,
Солдаттардын жаны,
Күүгүм кирип, көз байланды, апа.
Айылдагы үйүм,
Болсочу деп бүгүн,
Эки көзүм төрткө айланды, апа.
Милициялар келди,
Мага жардам берди,
Прописка жок алып кетти, апа.
Тыгылышып баткан,
Бекер эле жаткан,
Ал күндөрүм алыс кетти, апа.
Азыр болсо эми,
Тааныш кыйын мени,
Кайда барсам конуп калдым, апа.
Вечерлерде бийлеп,
Орусчалап сүйлөп,
Шаардык жигит болуп калдым, апа.
Түшүнөсүз бизди,
Сагынганда сизди,
Маяк берсем чалып койчу, апа.
Сүйлөшөлү кенен,
Кайра кийин берем,
Единица салып койчу, апа.
Батирлерде турам,
Көчүп-конуп улам,
Бабаларым көчмөн болгон, апа.
Бишкекке үй курсам,
Пропискага турсам,
Анан болду көчпөй коём, апа.

Кыргызым деп күйөм,
Кыргызстанды сүйөм,
Шок балаңды баалап алчы, апа.
Жашырынып элден,
Санаа тартып менден,
Шок-Фактыдан карабачы, апа.
Таба албасаң тыйын,
Шаарда жашоо кыйын,
Айылымды сагынамын, апа.
Үч тамгадан турган,
Сизге жаным курман,
Карааныңдан кагылайын, апа.
Айылыма салам,
Отвечаю барам,
Прописканы кайдан алам, апа?
Каалабаймын кейиш,
Таманыңыз бейиш,
Сиздей затты кайдан табам, апа?
Эмгегиңди актап,
Мекенимди сактап,
Эл-журтумдан алайынчы бата
Комментарийлер (33)
ilgiz
2011-09-18 23:56:25
ха-ха-ха-ха тамашалуу экен!))
0
rema
2011-09-24 20:33:45
Азамат ыры дагы, клип дагы жактты.АЛГА
0
zama_3657
2011-09-28 11:45:47
Ata-ene jonyndo yrdaganda, tamashanyn ne keregi bar?
0
mafioznik89
2011-10-26 15:17:36
Жакути! алга чыгармачылык ийгилик сага!
0
Elmira
2011-10-28 00:44:32
Ооомийн Оллоо акбар)))))))
0
eldos_kg
2011-10-28 10:57:33
Maga a9bai jakty airyk4a kyzga kelip "zdrastviute 4scs est spasibo" degen jeri
+1
Kokos
2012-01-22 18:04:13
Мага да абдан жакты, клип сонун
0
adilbekovich
2012-05-16 23:13:29
уч тамгадан турган сизге жаным курман караанындан кагылайын АПА
0
nazgul8076
2012-06-19 13:43:31
хе-хе-хе эзилип калдым.... укмуш кулкулуу экен...
0
Xan
2012-07-06 16:08:04
сонун ыр!!!!!!!!
0
kabylov.u
2012-07-12 21:12:08
накта,чыныгы жашоону суроттогон ыр болуптур 5
0
bulanbekova
2012-09-19 20:14:36
эн сонун. 5+++
0
Xan
2012-11-02 02:37:29
Зериккенде уксан сонун экен,маанай которулуп дегендей
0
Nurik.90
2013-04-25 20:11:33
эээх чет өлкөдө жүрүп апакемди сагындым
0
tursunkulov
2013-04-27 01:10:55
апамды менда сагынып кетим ушул ырды укан сон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан