АЯН тобу Жаралуу жүрөк

Жүктөлгөн: 09-09-2011
03:42
55.38 Мб
АЯН тобу "Жаралуу жүрөк"
Сөзү : Н.Маматованыкы
Обону : Ж.Сопуевдики
Сыгылып, арман кылып, кыялданам,
Сүйүүдөн жолум болбой кайгыланам.
Үмүттүн бир учкуну сенде беле,
Ырларымда өзүңдү медер тутам.

Черткилеп жүрөк кылын обон салып,
Сырымды ырларымда чагылдырам.
Көзүмдөгү нурлардын жылуулугун,
Туптунук махабатым тартуу кылам.

Кайырма:

Сага деген ак сүйүүмдү, жаным, сезсеңчи,
Жан эркем, түбөлүккө сен колуңду берчи.
Жараланган жүрөккө дем берсеңчи,
Сага деген ак тилекти, жаным, сезсеңчи.
Жан эркем, түбөлүккө сен колуңду берчи,
Алоолонгон сезимге жеткирсеңчи.

А балким, сыноосудур тагдырымдын,
Ичимден арман кылып жаш кылгырдым.
Жолума тузак коюп, кишен салып,
Торуна чалыныпмын махабаттын.

Сүйүүмдү түбөлүккө даңктай берем,
Өзүңө ырларымдан арнап келем.
Көргөн кезде алыстан карааныңды,
Карегимди ала албай карай берем.

Кайырма:
Комментарийлер (39)
altyn_gumush
2011-09-15 10:24:32
ырдайт десе эле ырдай беришеби... же уну жок, же ырынын сапаты жок, мааниси жок!!! жакккан жок!!!
0
Zhan
2011-09-18 12:13:54
сага момундай ырлар жарашчудай, мууууууу(как корова)
0
Adeli
2011-09-18 19:29:06
bilbeim yny jok dep aitkandarga tan kala bereem,sebebi men yny kandai bolgondo jaman kandai bolgondo jakwi ekenin bilbeit ekem,yr maga jakty norma ele go))
0
sssr
2011-09-20 17:11:34
Soonun ir!!!
0
Joki1002
2011-09-20 18:48:46
Эй коровалар, биринчи озубузго суроо береличи
биз эмне кыла алабыз деп колунар к.... келбей эле оозунар толтура бербегилечи. Ладно
мунусу жакшы чыкпаса кийинкисин жакшы чыгаар..
0
aziato4ka
2011-09-20 19:11:04
одним словом вокал хромает
0
Sudoman
2011-09-22 22:34:54
на свалку !!!! достали такие "таланты" )))
0
OdiNokaYa
2011-09-22 22:37:20
Кокууууй что за шерменде, пхахахха ну и жееесть! не пусть загружают, похахатали)))
0
tatarin
2011-09-23 16:08:18
молодцы стараются, только ничего интересного.
0
rema
2011-09-24 20:08:11
Бизде эмне коп? ырчы, саны бар сапаты жок ырчылар кобойду ушундай ырлар олтуруп атпайбы. Бир ырды жаттап алышып ырчы болгондор кобойду. Биздин маданиятыбыз ушундай темп менен кетеберсе олгону ошол.Жалгыз эле бул ырчы эмес, бизде мындай ырчыларыбыз самандан коп.
0
rema
2011-09-24 20:13:06
dan88 кичине ойлонуп жаз колхоздон деле таланттуулар чыгат. озундун деле тубун колхоздон болсо керек. Озунду тим эле шаардык элестетпей. Баарыбызды кудай бирдей жараткан.
0
bakytbek0015
2011-10-04 09:56:37
Рок жанырына окшотурайын дептир, бирок аракети бар. Ырдын текстеринде бир катар каталар бар. фондо музыканттар турганы менен музыка компьютер менен эле жазылган, орусча айтканда искренность жок
0
Bacitgul
2011-10-05 14:00:42
Сын айтсан дагы сыпайы айтканды уйронолу достор, ошондо баарыбыз онолобуз!
0
kanai
2011-11-08 17:09:29
Колонкалары кулайын деп эле турат го!
0
edua-m
2011-12-22 16:34:27
вачачко,,, ырдап жатып карангы да кирип кетти)))))))))
0
Chynchyl
2012-07-18 02:27:58
аман болгула!!! баардыгынарга ден соолук!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан