Калыс Жакыпов, Борончу Кудайбергенов Жашоо керемет

Жүктөлгөн: 13-09-2011
04:18
66.22 Мб
Калыс Жакыпов , Борончу Кудайбергенов "Жашоо керемет"
Байкабай, мезгилге кайдигер болуп,
Түн жана кеч, күндүз, таңдарына.
Аз гана өмүрдү өткөрүп коюп,
Өкүнүп арманда калбагыла.

Жайнаган гүлдөр, жагымдуу күндөр,
Жараткан пендесин сыйлаганын көр.
Жанымды эргитип, чертилип күүлөр,
Жанданып өмүрлөр.

Кайырма:

Аруулук менен күн кечип,
Жашаган кандай керемет,
Жашаган кандай керемет, керемет!

Акырын, абайла адашып кетпей,
Азгырык көрсөткөн жолдоруна.
Бактылуу күндөрдүн баркына жетпей,
Өмүрдү өксүтүп койбогула.

Жагымдуу сырлар, жазылган ырлар,
Жазында жадырап жүрбөгөн ким бар?
Жайдары жүрөктөр өзүнчө гүлзар,
Жаш, курак, жылдар.

Кайырма:
Комментарийлер (25)
modem
2011-09-16 23:16:54
башкаларга караганда тузук,жакшы
0
Nurilove
2011-09-17 11:16:42
Аракети жакшы.Биз кыргыздар колдоонун ордуна жаман создор менен кордойбуз.Жакшы ийгилик.Бул жерде Борончу озуну эмес,Калыс Жакыповду эл алдына алып чыгуу максат менен чыгып жатат.Жаш жигит унун жакшы ИЙГИЛИК.
0
Nurilove
2011-09-17 11:31:37
Жашаган кандай гана сонун керемет,
Талыкпай аракет кылган максатына жетет.
Ийгилик коштоп,Кыргыз элиме кызмат кылсан,
Элибиз кучак жайып батасын берет!!!
0
nurbek_posol
2011-09-17 19:01:24
Борончу байке жакшы ырдайт го, бирок ушул дуэтке кошулбай эле койсо болмок. Калыс озу ырдаганы сонун болмок. Анан клипке жашоонун кереметин чагылдырган бир нерселерди кошсо болмок, адамдардын жылмаюсу менен чектелбей. Калыс, сага ийгилик !!!
0
kuba7888
2011-09-19 18:16:23
Дагы призидент болот бекен
0
Joki1002
2011-09-21 09:54:21
ушул бала маладац жакшы ырдайт дагы коп чыгармачыл ийгилик каалайм
0
Karkyra
2011-09-24 01:37:41
Жашоо керемет деп бир эле зданиенин ичинде ырдай бербей кичине эки жакка да чыгып клип тартышса болмок экен.
0
gul-amina
2011-10-05 17:10:24
калыс азаматсын алга унун сонун сенин
0
ebe
2011-10-13 02:38:00
Боорончу бай аке сизден сураныч ырдабай эле бир жакшына културуп эле журо беринчи
0
arzuu1
2011-10-21 23:03:02
Жакшы ыр экен, ушундай позитивный ырларды кобуроок ырдашса го!
0
Lusi
2012-06-07 13:39:18
байкуш Борончу байке аябай картайып кетиптирго кичине озунузго конул болуп журбосонуз болбойт окшойт
0
teador88
2012-09-11 20:42:41
борончу байке катышпай еле койсо болмок е
0
baibolot71
2012-09-26 12:50:06
Борончу брат озунчо эле опера ырчысы го,озумо тен болсун деп кичинекей бала менен ырдаган турбайбы.Молодцы жакшы эле ырдашыптыр бир укканга болот иййгилик каалаймын.
0
KG_URPAGI
2013-03-07 14:06:51
Калыс Жакыпов азаматсын! Авазын эч кимдикине окшобогон мукамдуу жана уккулуктуу экен. Унуно береке, урматы менен Лейлектик жаштар.
0
Aibek...
2014-03-05 04:23:40
Эн сонун баракелде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан