КЕҢЕШ тобу Ак жамгыр

Жүктөлгөн: 13-10-2011
05:12
82.46 Мб
КЕҢЕШ тобу "Ак жамгыр"
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : М. Мамбетовдуку
Бурулуп, кеткениңде махабаттан,
Буулугуп кусалыгым ичте жаткан.
Жүзүмө изин салып ачуу жаштар,
Булуттун жашы менен жуурулушкан.

Бурганак түшүп турду жан дүйнөмө,
Булуттун арасында жалгыз калып.
Сүйүүмдү арнап алып сүйбөгөнгө,
Сүйүүдөн запкы жедим, алсызданып.

Кайырма:

Себеле ак жамгыр, токтобо,
Сезимдин жалынын жоктобо.
Себеле ак жамгыр, токтобочу,
Жаай берчи ак жамгыр, токтобо.
Жаратпа алыстык ортого,
Жаай берчи ак жамгыр токтобочу.

Түгөнүп турса дагы кыялдарым,
Түнөрүп мен өзүңдү кыя албадым.
Түбөлүк бир өзүңдү сүйүп алып,
Түгөнгүс үмүтүмдү тыя албадым.

Канткенде мен өзүңдү унутамын,
Кайгырып жалгыздыктан жүдөп бүттүм.
Кайрылып келбесиңди билсем дагы,
Карайлап карааныңды күндө күттүм.

Кайырма:
Комментарийлер (92)
matrica89
2012-02-06 18:21:39
Просто супер!

0
Suiuktuu
2012-02-15 10:30:13
Клип жогорку деңгээлде деп айта албайм. Бул жакта ыр ырдалып жаткандан кийин кадр артындагы кыздын апасынын сөздөрүн, баланын апасынын кыйкырганын угузбай эле койсо болмок.
0
A-T
2012-02-25 20:11:33
Баарынана да Аскат молодец, ушунчалык жеткиликтуу аткарган!
0
A-T
2012-02-25 20:53:15
клиптеги кыздын аты ким? билсенер шилтеме берип койгулачы!
0
adilxx
2012-02-26 14:55:24
Kenesh tobu kichine keneship ish kylgylachy ai
0
Molodec
2012-02-28 16:50:33
Кенеш тобу азаматсынар ушунунардан жазбагыла!!!
0
erketaika.kg
2012-03-14 15:25:00
klip a9bai jakty,azamatsyzdar!
0
jazi8701
2012-03-19 09:40:36
сонун клип негизи эле КЕНЕШ тобу дайыма кызыктуу клиптерди тартуулайт го.
0
snejka
2012-04-06 08:48:11
клиптин аягында ыйлагым келди,абдан жакшы тартылган экен.
0
Барби
2012-04-18 12:01:05
Маниси сонун клип болуптур. Азаматтар кенеш тобу
0
dort123
2012-04-22 00:33:59
Эн сонун. Азаматсынар!!!
0
djmaks22
2012-05-11 15:08:31
Клип классный!!! Кенеш тобу алга!!! Уй булолук бакыт.
0
jibeka_foreve.live
2012-07-13 21:44:40
Кенеш тобу силерге ийгилик ырларынардын баары сонун азаматсынар уйбулолук бакыт каалаймын силерге
0
erik06068
2012-08-31 16:37:54
Кенеш тобунун ырлары жагат абдан, ийгилик коштосун ар дайым!
0
barsovich
2012-10-21 23:47:33
сонун клип.азаматсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан