Gulzada Курманжан датка

Жүктөлгөн: 24-11-2011
05:13
72.65 Мб
Gulzada "Курманжан датка"
Атырылган ак булак сенин,
Атың белек Курманжан датка.
Ак жамгырдын данеги сенин,
Баасы белең Курманжан датка.
Кубалашкан барчындын өзү,
Куунарысың Курманджан датка.
Куса болгон жүрөктүн өзү,
Кумарысың Курманжан датка.

Жарыгыңдан нур жыйнап элиң,
Буралат бир Курманжан датка.
Жаштыгыңлан нур жыйнап сенин,
Куралат бир Курманжан датка,
Курманжан датка,Курманжан датка.

Карегиңдин дубасы сенин,
Жайнап турат Курманжан датка.
Карегиңдин дубасы сенин,
Арбап турут Курманжан датка.
Бек тактысын чимирген өзү,
Дөөлөтүң бар Курманжан датка.
Бекти дагы чимирген өзү,
Сөөлөтүң бар Курманжан датка.
Бегечигим сага чыктайын,
Башка белең Курманжан датка.
Бекти дагы чимирген өзү,
Кашка белең Курманжан датка.

Адамкерчилик кубака сенде,
Канда белең Курманжан датка.
Ак жоолукчан сендейлер анда,
Чанда беле Курманжан датка.
Көз карашың бийикте сенин,
Башка белең курманжан датка.

Жүрүгүңдөн күү чыкса ошол,
Элиңдин деми Курманжан датка.
Жүрөгүңдү өйүгөн ошол,
Элиңдин кеби Курманжан датка.

Арбагыңды ар жерден сенин,
Издеп келем Курманжан датка.
Арбагыңды ар жерден сенин,
Карап келем Курманжан датка.
Өлсөң дагы тирүүдөй сенин,
Ардагың бар Курманжан датка.
Тирүүлөрдү колдогон сенин,
Арбагың бар Курманжан датка.
Кылымдарга түбөлүк өчпөс,
Ырымдасың Курманжан датка.
Жүрөгүмдүн тереңиндеги,
Сырымдасың Курманжан датка.
Түбөлүй өчпөс болуп бир дайым,
Жүрө бергин Курманжан датка.
Уламыштардай узун өмүрдү,
Сүрө бергин Курманжан датка.
Курманжан датка, Курманжан датка.
Комментарийлер (31)
cubich
2011-11-28 08:40:06
1:45 убакта сапошкасы азыркы мезгилдеги болуп калыптыр.Бирок клип сонун.Ийгилик каалайм.
0
lapyska
2011-11-28 15:49:40
Ырдын тексти неге жок?Качан жазылат?
0
Kamilacan
2011-12-03 18:34:38
Кыргыздын кыздарынын баары ушул Гулзада сыяктуу болсо!
0
jigit92
2011-12-09 18:39:26
ырдын тексттин жазып койсонор жакшы болот эле
0
Karkyra
2011-12-11 04:07:31
Азамат Гулзат! Курманжандын жаш кезин Жаным Айзат ойногонбу?
0
lapyska
2012-01-09 23:24:19
Karkyra, ooba janym aizat oinogon
0
chicho
2012-01-21 00:45:54
Гулзат жакшы ырдайт экенсин,ушунунан жазба.
0
nurkan97
2012-02-13 23:30:13
эже я в ваш голос влюблена... и вы тоже мне очень нравитесь.. всё суппппееер
0
Riss
2012-02-23 17:33:25
Гулзада эжеге чоон рахмат,даагы дагы оркундоп осо берсин............
0
anteya
2012-04-06 02:49:59
Ал убакта ак сапоги кийчу эмес, дароо эле козго урунат экен. Дагы Курманжан датка ото эле жумшак суйкумдуу болуп калыптыр.Ал озу кайраты кучтуу, властная, суровая,строгая деген сапаттардын ээси болгондуктан, ушуга жакындатса сонун болмок. Негизинен жакшы болуптур.эмкиде мындан жакшысын кутом. Гулзада сага ийгилик
0
Alimurat
2012-05-20 20:42:56
bul yrdyn mp3 kimde bar boldu eken?????????
+1
adash07
2013-01-17 13:45:38
Гуулзада сага ийгилик Курманжан даткадай улуу бол!
0
zilish_kg
2013-03-01 20:10:31
mp3 форматында кайсыл жерден кочуруп алсам болот????
0
admin_media
2013-03-01 23:02:34
zilish_kg,
Аудиосу мында)
http://www.super.kg/media/?type=audio&id=83935
0
ilknur_95kg
2013-11-01 10:14:33
mykty yr boluptur
0
dastan_nookat
2014-08-15 10:56:56
"Жакшы клип болуптур"
0
indirkg
2014-09-17 15:02:25
Клип жакшы,бирок бул создор коркутчудай го.
Арбагыңды ар жерден сенин,
Издеп келем Курманжан датка.
Арбагында колдосун, бирок козгобошу керек.

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан