Гүлнур Сатылганова Асман

Жүктөлгөн: 01-12-2011
04:53
67.43 Мб
Гүлнур Сатылганова "Асман"
Сөзү : Кыялбек Урмамбетов
Обону : Райхан Бейшеналиева
Эсеби жок бийигиңде жылдыздын,
Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун.
Эли жерин көктөн колдоп турганга,
Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын.

Кайырма:
Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың,
Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың.

Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп,
Жашап келет, ачык асман эл тилеп.
Көз алдыңан канча заман өтсө да,
Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп.

Кайырма:

Асман, асман көөнөрбөйсүң,сынбайсың,
Ай жылдыздар айланса да жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың...

Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат?
Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат.
Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры,
Мен ишенем, жаным сенден жай табат.

Кайырма:
Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың,
Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
адамдардын тардыгына ыйлайсың...
Комментарийлер (88)
Makentosh
2012-02-15 11:58:15
Гулнур ишинизге ийгилик.
0
Makentosh
2012-02-15 11:59:53
Гулнур эже ишинизге ийгилик каалайм.Ишиниз илгерилей берсин.!!!
0
Take84
2012-02-15 14:07:21
Ушул ырды жазган кишигедагы жана аткарган кишиге дагы чоң ыраазычылык билдирем ыр деп ушуну айт. Рахмат сизге Гүлнур эже!
+1
dina
2012-02-15 14:50:30
Чынгызхандын убагында гимн болчу ыр. Клип өзүнө анча тартпайт.
+2
MUSYA
2012-02-27 00:07:34
башында кара койнок кийип баштаганы жакпады,Славанн "Одиночество св.." деген клибине окшошуп калыптыр.кок,кенен койнок кийип,анан бетинин солокоту асманда корунуп аткарган жери сонун экен.Себеби Асман дегенде эркиндикти,кенендикти элестеткем..
0
bosia
2012-02-27 00:37:48
Аткарганы Гулнур Сатылганова болуп жатса кантип жакпай койсун. Клипти абдыжапар акебиз жакшылап ойлонуп туруп тартканда даана шедевр болмок...
0
Azhymaliev
2012-03-15 12:51:44
Клип жакшы тартылган Гулнур эже жаратылыш менен менен байланышканын чагылдырган.Коргондо кадимкидей эс алып каласыню
+1
egemberdievagulbara
2012-03-27 22:35:17
Гулнур еже сизге ийгилик каалайм булбул унунуз ел ичинде таншый берсин
0
zakirov.mirbek
2012-04-03 22:22:46
ыр жакшы бирок АЛЛАНЫН керемет сыфааттарын чагылдырып клип тарттса болмок бул жагы жакпады озун крсоткондой болуп калган асман АЛЛАНЫН КЕРЕТИ ДА ЖЕ АНДАЙ ЭМЕСПИ
-1
BUSH
2012-04-19 09:54:03
Гулнур эже, аябай татына, сындуу, сулуу. Карап эле отургун келет. Ырлары адамды эс алдырат. Жумуштан кийин, чарчаганында угуп кадимкидей эс аламын
+1
wumida
2012-05-03 19:48:49
сизди суйом да суйом Гулнур апчооо!!
0
Debi
2012-10-05 14:36:03
Бул ырга кара тустогу, болгондо арбайган-тарбайган, этеги чубалган костюм такыр керек эмес эле. Кащей бессмертныйдын эч бир жалпычылыгы жок да ырдын мазмуну менен. Клибин көрбөй уксаң ыр сонун.
-1
nura_83
2013-03-21 18:36:36
бирде Гульнур эжеге эмнеге клиптериниз аз деп суроо узатышканда ,кээде ыр аябай жакшы болуп турса да клип жакшы болбой калса бузуп коет деген эле айтайын дегеним ыры аябай жаккан кайра кайра угуудан тажабачуум мааниси жакшы анан эле клиби чыга келди озу айтмакчы ырды бузуп!сказскадагы безсмертныйларга окщоп
-1
mamamia
2014-01-12 19:08:34
гулнур эже талантынызга таазим коп жашаныз
0
kenjesh3
2015-01-30 23:24:28
гулнур сатылганова биздин эстрадынын корифейи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан