Гүлжигит Сатыбеков Ошко сапар

Жүктөлгөн: 05-01-2012
05:43
100.34 Мб
Гүлжигит Сатыбеков "Ошко сапар"
Сөзү : Г. Сатибековдуку
Обону : Г.Сатибековдуку
Баратабыз, багытыбыз Ош тарап,
Жаным секет, күттүң бекен жол карап.
Сапарымда неге сага шашылдым,
Куса болуп, жолугууну мен самап.

Кайырма:
Күтчү жаным, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына баратамын Сузакта.
Сагынычтар көкүрөккө толдубу,
Жаным секет, тосуп алчы Фуркатта.

Узун жолдо зымыраса мерседес,
Кыялымда тилеп келем жетсе тез.
Телефондун шыңгыр үнүн тындырбай,
Улам-улам жөнөтөсүң СМС.

Кайырма:
Күтчү жаным, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына келип калдым Куршабка.
Сагынычтар көкүрөккө толдубу,
Жаным секет, тосуп алчы Фуркатта.

Сапарыбыз эч бир койду арбыбай,
Айдоочу да өчөштүбү шашылбай.
Келатабыз Отуз-Адыр аралап,
Артта калып Жны-Аргы, Садырбай.

Кайырма:
Кантем анан, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына келип калдым Фуркатка.
Кусалыктар көкүрөккө толдубу,
Сүйүү кушу сени издей учат да.

Сени дегдеп, самап келдим узактан,
Мына-мына жолугуштук Фуркаттан.
Тараганча бизде болгон кусалык,
Жаным, эми чыгарбаймын кучактан.
Комментарийлер (153)
ayildik_kiz
2012-08-20 13:23:46
Сонун ыр болуптур бирок Оштун кыздары аябай сулуу болушат!
+3
Gul.08
2012-09-19 00:33:57
Аябай сонун ыр жакты мага)))))))))))))
+3
asi94
2012-09-26 19:07:59
соооонун ыр!Сооооонун ырдаган дагы..Ийгилик!
0
ulia
2012-10-10 10:18:07
Ар ким ар нерсе дей бербейби Гулжигит сага ийгилик баардык клиптерин мага жагат коро албагандар суйлой берет
0
Дикуся
2012-10-10 14:43:42
Азамат таанышуу бурчу аркылуу танышкан кандай болоорун ачып бериптир.
+1
Aika-isu
2012-10-14 20:05:54
Клиптеги актерлер кыйын аткарышыптыр аябай жакты ыр дагы клип дагы
+1
Aygul
2012-10-19 22:30:48
Omuru et jebegen okwoit ee...
0
Aygul
2012-12-01 17:07:04
аягы жакты го.... ха-ха-ха
0
Sachko
2012-12-16 12:11:02
бул клиптеги Махлиё менин таанышым базарда иштейт
0
kanikey
2012-12-20 15:03:21
бул эле ыры эмес баары жакшы тушунуктуу, маанилуу, уккулуктуу.Ушул ырчыны которгон адам жок,кайдагы адамдарга эл ырчысы дебей ушул балага бериш керек.
0
baarin
2013-07-13 22:07:34
Соргок жигит Медетти дагы мактап койгула, арыктап кетпесин. Гулжигит ийгилик.
0
aygesha
2013-11-22 00:59:18
Гулжигит Сатыбеков аябай сонун ырларды ырдайт,ийгилик элдин сыйына татыктуу ырчы
0
nurik838383
2013-12-02 17:44:04
гулжигит азаматсын чыгармачылыгын оркундоп осо берсин, мындан да жакшы ырларыны угабыз деген ишенимдебиз
0
etaj_rus79
2015-01-10 03:06:53
жениш комедия жанрын катырат накта талантуу бала
0
arashan91
2016-04-18 03:19:21
Сапарда жургондор, чет олкодо жургондор, россияда иштегендер аябай суйуп уккан ырыбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан