Гүлбү Ороскул кызы Арзуу

Жүктөлгөн: 24-01-2012
04:08
63.56 Мб
Гүлбү Ороскул кызы "Арзуу"
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : Б.Мамаевдики
Көңүлгө да көңүл тушалып,
Көрүшпөс болуп узадык.
Көңүлдө калды, а бирок ай,
Көксөткөн санаа, кусалык.

Байыр алып, басып наздана,
Баш ийип калдың башкага.
Бактылуу кылып башканы сен,
Бактылуу болдуң аз гана.

Сагындым, мынча сезбейсиң,
Сезесиң, сен да эстейсиң.
Томогоңду үзүп бир ирет,
Анда не келип кетпейсиң?

Агарып таңдын атканы,
Кызарып күндүн батканы.
Кызыксыз мага өмүрдүн,
Өзүңсүз өтүп жатканы.
Комментарийлер (41)
ira-8484
2012-01-30 13:51:29
bir korso bolot, birok chachy jakty.
0
ysymbek
2012-02-01 03:00:05
Ырдын мазмууну обону сонун,мага абдан жагат.Бирок ырдаган адамды эми кордум .
0
Delo
2012-02-06 23:04:38
Жакшы ыр экен... Ушинтип сезимдеги тунук суйуундун баркына жетпей, башкага тебеленип кеткендер канча. Ырдын мааниси мен жанылып суйгон бироону эстетип кетти.
0
albina448074
2012-02-15 16:26:27
элмирбекке арналган ырго.
0
masa23
2012-02-21 11:46:43
Бул ырды кимдер гана ырдаган жок. Бирок ар бир аткаруучунун дараметине жараша болот эмеспи. Бакыт Мамаев ырдап чыкканда жеткиликтуу болбоду эле. Гулбу азаматсыз. Бир аз толуп алыптырсыз.
0
asash04
2012-03-06 17:11:47
asamatsin gylbyby
0
cosmopolit
2012-04-04 03:38:29
Чынында сонун ыр-мааниси терен...Чын эле Элмирбекке арнап ырдап жаткандай туюлат экен, баары бир "женская привязанность" деген катуу нерсе да...
0
durusbekovna
2012-04-24 15:51:41
Гулбу эже Аксынын сулуу кыздарынын бири. Ырлары мага аябай жагат. Сиздин талантыгызды сыйлаган Аксылык синдигиз.
0
Lusi
2012-05-20 14:00:40
ушуну ыр деп айтса болот Гулбу эже азаматсыз
0
772468810
2012-07-22 13:45:00
эн сонун ырдаптыр мага абдан жакты молодец
0
Burda
2012-07-31 19:58:43
Журокту ооруткан ыр ностальгия кылат жетпей калган суйуунду эстетет.
0
admin_media
2013-02-11 09:51:20
jumash,
Сизге эскертүү!
Сайтта бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
0
Aydan
2014-01-23 09:38:45
Кыргызымдын сулуу айымы бар болунуз! Биздин уй булого, озгочо байкеме абдан жагасыз! Жаны ырларды, клиптерди кутобуз эжеке!
0
Orozbek
2014-03-13 13:48:59
Эл уулу, Сейрек талант Элмирбек Иманалиевди чанганы учун негедир жакпайт.(
0
NAZIK85
2016-06-21 11:49:13
Сонун экен мага абдан жагат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан