Айнура Салахидинова Сен жокто

Жүктөлгөн: 30-01-2012
03:34
55.34 Мб
Айнура Салахидинова "Сен жокто"
Сөзү : Турар Кожомбердиевдики
Обону : Эгемберди Талиповдуку
Күн эмнеге, эмнеге,
Батпай койду сен жокто?
Таң эмнеге, эмнеге да,
Атпай койду сен жокто?
Көмүскө жандай суз болуп,
Көңүлүм чөктү сен жокто.
Көзүмдүн жашын көрсөтпөй,
Кылгырып төктүм сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто.

Куштар неге, эмнеге,
Сайраган жок сен жокто?
Гүлдөр неге, эмнеге да,
Жайнаган жок сен жокто?
Булактын мөлтүр агымы,
Акпады токтоп сен жокто.
Сайраган булбул үнү да,
Жакпады жанга сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто...

Жашоо мага түшүнсөң,
Кермек болду сен жокто.
Жалгызчылык жадатып ай,
Эзмек болду сен жокто.
Эстеген сайын эзилип,
Муңкануу жаным сен жокто.
Үмүтүм тоодой сезилип,
Кыйналуу жаным сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто.
Комментарийлер (45)
Lapochka4
2012-04-20 18:21:22
Ыры да,клиби да жакты!!!Ийгилик Айнура эжеге!!!
+2
aimas
2012-04-24 14:23:09
Ayat degen kinodo jaman roldu oinogon balaga jakshy rol dele jarashat eken go )))
+1
k91.91
2012-04-25 11:54:40
мда +
+1
4aidai
2012-04-26 14:33:05
Айнура ар убак клипиндеги геройлорду жакшы тандайт экен. Тескерисинче бул жигит телегеничный экен. Ийгилик!
+2
sardar1
2012-04-30 11:06:51
Super
+2
IlyasMasirov
2012-05-10 12:31:45
sardar1, очень даже супер!
+1
sabmolder2
2012-05-19 19:47:01
Супер ыр жана клип болуптур! Мага абдан жакты!
+1
daldan85
2012-05-24 22:11:05
Тушунуксуз клипко!
-1
4aidai
2012-05-29 10:58:31
Соонун клип. Мааниси ырына куп келгеню Ийгилик!
+1
Altynym
2012-06-06 10:43:25
Ыр жакшы, бирок клип анча окшошпой калган. Айнура ырдап жаткандагы арткы жагындагы фондор чар жайыт. Жарык, ар түрдүү түстөр, жалтыр-жултурлар өтө көп. Ырда "сен жокто" деп өксүп жаткан соң, артындагы кыздарды бийлетпей эле өзү жалгыз туруп ырдаса жакшы болмок.
+1
Gulirka
2012-06-09 04:38:41
Айнура жакшы ырдайт аябай ну клип не так уж интересно получилось
+1
NuraiNurdinova
2012-06-19 00:26:44
super
+1
Ulugbek7777
2012-07-30 05:25:21
Abdan jyldyzduu kyz eken
+1
Айнура Салахидинова
2012-11-14 23:12:47
Salamatsynarby? Baardygynyzdarga rahmat! Men syndy tuura kabyl alam. Myndan kiyinky 4ygarmalarymda dagy izdenem. Sizderdin jiluu sozdorunuzdorgo rahmat!
0
i-nurbek
2013-04-01 08:05:38
Айнура Салахидинованын уну и обондору жагат. Маанилуу дагы ырдайт. Анын устуно клипке дагы сонун берилип ойнойт.
+1
daniar781121
2013-06-01 15:45:00
ИТ уро берет кербен журо берет АЙНУРА сен чыныгы кыргыз ел ырчысы клипке еч кимди кошпой еле жалгыз озун бир еле жерде ырдасан да сага еч ким жетпей азамат онорун оркундой берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан