Гүлжигит Сатыбеков Бакыт издейм

Жүктөлгөн: 08-02-2012
05:58
93.76 Мб
Гүлжигит Сатыбеков "Бакыт издейм"
Сөзү : Г.Сатибековдуку
Обону : Г.Сатибековдуку
Барбы өзү бул дүйнөдө бакыт деген,
Мөмөсүн кандай жандар татып жеген?
Таң эрте ойгоном да бакыт тилеп,
Кызарып күнгө кошо батып келем.

Кайырма:

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса.
Бакыттай, бакыттай,
Бакыттай сезилет да.
Келээрсиң, келээрсиң мага да,
Балким жазда.
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.

Барбы өзү, кандай неме сүйүү деген,
Жете албай канча жандар өксүп келген.
Саргайып тагдырымдан сүйүү күтүп,
Мен эми жашап калдым үмүт менен.

Кайырма:

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Сүйүүдөй, сүйүүдөй,
Сүйүүдөй сезилет да.
Келээрсиң, келээрсин мага да,
Балким жазда,
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым тамчылайт да.
Кечикпе!
Күтөмүн, күтөмүн ушул жазда,
Күтүүдөн жан дүйнөм,
Жан дүйнөм жанчылат да.

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым,
Көз жашым куюлат да.
Күтөмүн, күтөмүн,
Каректер толуп жашка,
Негедир ал күндөр келбестей туюлат да.
Комментарийлер (47)
anarkyzy
2012-03-02 18:23:16
Ыр жакшы экен,мааниси эн терен. Клиптеги каарман кызды кичине жузу жылуурак,ийкемдуурок кыз болсо жакшы болмок окшойт... Алла жолуна тушуп, он жолго тушсо деле жузунон эч эле жылуулук, озгоруу, ыйманы байкалбайт экен... Он жолго тушуп чынында эле ал жолго кайрылбай бакыт издеп , бакыт куткон кыз деп айта албайсын го....
0
ysymbek
2012-03-04 06:27:56
Ырдын мазмуунуда клипда сонун экен.
0
aelinaaa
2012-03-23 01:47:06
талантыныз ташкындай берсин.
0
jhanibek
2012-04-06 00:43:14
аксылыктар укса суйунушот
0
alikkg
2012-05-07 17:22:23
Ырдын мааниси жок акырына чыкан эмес?
0
AZAQATAR
2012-07-10 00:58:41
Joldon korup kaldim anan syip kaldim- degen maamisi jok joldo jurgon sosdordu jakindabasa da jeteleshtirgen azamattardin irlarinan bir top jakji maanisine toktolsok, Iygilik sisge. Sos maanisine tushunboy tarsildagan musukaga kongon chala kyrgyzdar emne dese osho dey berishsin...Rahmat
0
malina
2012-07-22 21:44:32
Кыз бойонуп алып,намаз окуганы кандай окуганы кандай??
-3
begish
2012-08-29 22:43:08
ыр мага аябай жакты.
бирок клиптеги кыз жаккан жоок.
намаз ар бир адамга фарз.
0
240989
2012-10-10 14:56:56
Азаматсын онорун оркундой берсин дайыма эл керегине жараган ,эл суйгон ырларды чыгарышына биз тилектешпиз.
0
nurrayan93
2012-12-20 14:08:12
соонун ырдайтта ушул байкем алга
0
Aygerim_tls
2013-01-14 12:09:11
Мага бул ыр абдан жакты. Азаматсыз! Бул ырдын мааниси абдан терен экен. Бул клипте кыз женил ойлуу кыз эмес, болгону кыздын бактысына балта чабышкан алдап жигиттер. Ошондон кийин намаз окуп жан дуйносун тазартып,жаны жашоо баштап, бактымды табаармын деген кыздын умуту.
0
LOLA1
2013-11-21 09:35:51
Чыныгы жашоону коргозгон мааниси терен клип экен мага ЖАКТЫ
+2
nursultan96
2014-02-02 20:35:09
жакшы сонун ыр мага абдан жакты.
0
Ulashkin1717
2014-08-19 23:04:40
ай кыздар айланайын мындайда роль ойнобой койгулачы.
0
Kunbeken
2015-07-11 12:29:30
Super!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан