Эльзар Өскөнбаева Эгиз жүрөк

Жүктөлгөн: 09-02-2012
04:10
64.36 Мб
Эльзар Өскөнбаева "Эгиз жүрөк"
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Майра Керим кызыныкы
Карчыга карегиңе табындырып,
Булкунган жүрөгүмдү багындырып.
Жаздагы каркыраны күткөн сымал,
Садагам, койдуң неге сагындырып?

Кылыгың кыял отун тутандырып,
Жалт эткен жаштыгымды чагылдырып,
Жалт эткен жаштыгымды чагылдырып.
Сүйбөсөң мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.

Жанарым жашылданып сени эстеймин,
Жарыгым, жаным кейип неге издеймин?
Махабат дайрасынын жан шериги,
Күндө эңсеп жарашар го сүйүү өзгөйүм.

Шумкардын канаттары кагыланда,
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин,
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
Сүйбөсөң мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.

Аралдай суу каптаган тегерегин,
Жанымда куткаруучу жебеленип
Канаты сынган ак куу сыңарындай,
Чымын жан сени көксөп чебелендим.

Кылыгым кыз жибектей болгонум, ай,
Үмүттө күтүп жүргөн түнөгүмсүң,
Үмүттө күтүп жүргөн түнөгүмсүң.
Сүйбөсөң мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
Комментарийлер (47)
Bishkek
2012-02-13 03:10:21
чынында накта кыргыздын сулуусу уну жакшы ырларын жакшы кором бирок ырын да клипин да тушунгон жокмун
+1
Дикуся
2012-02-14 13:11:20
Унуно береке азаматсын Элзар. Ийгилик чыгармачылыгына!
0
dilara
2012-02-15 16:26:06
Elzar alga!ti super!!!!!
0
uligo
2012-02-16 15:07:54
талантына таазим эттим,оркунун осо берсин
0
mana
2012-02-18 09:51:40
ыры жакшыкен клибин кайра кайра коруп атып тушунгон жокмун
0
intel
2012-10-30 15:58:59
jakshy yrdaitken
0
kgnazikg
2012-10-30 19:55:03
Эльзар азамат ырлары эн мыкты мындай керемет ырды ырдай алгандар жана ырдай албагандар бар бул ырды эн мыкты дэнгээлде ырдаган.
+1
Asanbek65
2012-11-01 22:47:59
Эльзар, азаматсын!!!!! Менин кыздарым Алтынай, Кумушай, Уулкелсин , Кыял сени менен сыймыктанышат! Сага ийгилик! оркундоп осо бер!
0
Giza
2012-11-18 21:22:39
suluu kiz eken
0
rasulka
2013-01-08 15:51:32
Аябай сонун ыр экен!
0
azat001
2013-03-21 09:41:21
Elzar jakwy irdayt ekensingo birok klipti elge ters jaman tasir berchuu kilip tartipsing! kantiple biroonun ayalina i plus boyunda bar eken jakwy korup koz artsin! elge jakwy tarbiya bere turgan kilip tartip jursong menen keneshim
0
saparbek
2013-04-05 20:52:31
Ыр жаман эмес, аткаруу да өзгөчө бир оригиналдуу деңгээлде, бирок клиптин мазмуну начар
0
lily27
2014-03-18 16:44:35
клиби деги эмне тууралуу тушунсом мурдумду кесип берейин
0
jypar.i
2015-09-24 01:21:03
lily27,мен да клиптин маанисин түшүнгөн жокмун, бирок Эльзар ырды абдан сонун ырдаган. Элзар ырдаганда ушунчалык берилип да, өзүнө тартып да ырдайт
0
Nazik0116
2016-03-18 22:05:56
Сонун ыр!клип жакшы эле го ,бирок мындан да сонун кылып тартса болот.
0
azamatisrail1984kg
2016-03-22 20:07:19
класс
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан