Агын суу турса чалчыктап,
Ак шумкар келип кончу эмес.
Аз айланып мен жүрөм,
Анчалык катуу болчу эмес.
Көк суу турса чалчыктап,
Көк шумкар келип кончу эмес.
Көп айланып мен жүрөм,
Көп эле катуу болчу эмес.
Көзүң бир бышкан алчадай,
Көргөндө жүрөк чарчады ай.
Көңүлүң болсо айтсаңчы,
Өйдө-төмөн калчабай.
Түн ичинде уйкум жок,
Күндүз бир койчу тынчым жок.
Карымын дейсиң жаш туруп,
Кандай жансың курчуң жок?
Комментарийлер (81)
Lovebaby
2012-09-09 15:55:55
maga jakty
0
ORIONSTAR
2012-09-25 12:17:10
Ыр кынтыксыз, мыкты аткарылган, бирок клип мага жаккан жок. Клипке ак калпакчан Темир сонун жарашкан. Ал эми "Кыз Жибектеги" кадрлар ашыкча...
0
Beka
2012-10-13 14:33:18
Азамат, сонун болуптур!
0
rnurzida
2012-10-15 02:40:53
темир чынында сыймыктана турган ырчы алга Темир
0
amirhan
2012-10-17 01:26:43
Темир алга! Аябай жакшы ырдапсын. Кыргыз элин дагы да болсо котор.
0
Jurnalist.kg
2012-11-05 10:57:51
Нукура Кыргыз жыттанган клип болуптур ийгилик!
0
saparbek
2013-04-05 20:41:28
Темирдин аткаруусу жакшы, бирок ырчыларыбыздын бардыгы эле кинотасмалардан үзүндүлөрдү аралаштырып "клип" атап коюуга өтө эле берилип кетти. Ал эми бул ырга казактардын "Кыз Жибегинин" кандай тиешеси бар болду экен?
Темир назаров кргдын эн мыкты ырчысы кргдын супер звездасына татыктуусу сенсин
0
Egen.Osh
2014-03-16 21:57:32
Темир ото таланттуу жигит,ар бир ырында музыкага кошулуп келиштире бийлегени боюнча Кыргызстанда эч кимди алдына салбайт жана Кыргызстандагы чыгып аткан жаш ырчылардын агымынын баштоочусу.Алга Темир !!!
0
Motoi
2014-04-10 17:13:18
бул чыгарманы Темирден башка ырчы чучугуна жеткире ырдай алмак эмес. ошондуктан "азамат" деген гана баа койсо болот. чыгармачылыгынды сыйлайм Темир.Сен учун миллиондорду берууго даярмын.Сен кыргыздын Филипписин.Сен Ани Лорак менен ырдасан сонун жарашат.
0
Jibulina
2014-10-31 13:32:34
сонун азамат клип бий обону баары топ келген
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.