Нарынбек Калыбаев Булактагы кездешүү

Жүктөлгөн: 04-08-2009
03:11
58.04 Мб
Нарынбек Калыбаев "Булактагы кездешүү"
Сөзү : А.Мамыровдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Асман тунук, ай тунук, көл да тунук,
Алмаз сымал көп ойлор менде толуп.
Сезип калдың ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.

Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.

Сен дагы сездиң бекен, туйдуң бекен?
Махабат күүсүн черттим мен да эчен.
Баарысы өлбөс болуп сага арналат,
Каралдым карегиңде калды бекен?

Асман тунук, ай тунук, көл да тунук,
Алмаз сымал көп ойлор менде толуп.
Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.

Сезип калдым ай мөлмөл ак сүйүүңдү,
Сен отурган булакта мен да отурдум.
Комментарийлер (23)
Касымбеков
2009-08-05 16:47:35
жакшы ыр .
0
Esenkojo Esen
2009-08-05 16:59:23
eheeei yr obonu, mazmunu seziming jenil jelge uchkandai. konuluno kork koshup bere turgan yr . 5!!! kyrgyzstan obondoru , dayim aldyga!!!
0
timoshek
2009-08-06 10:18:56
Respect......!!!!!!!!
0
Kgbek
2009-08-07 22:12:06
Бакыт деген бала, укмуш экен дейт Москвадан
0
Айпери
2009-08-10 12:05:55
Унунуз аябай жагат! Азаматсыз!
0
ajax
2009-08-13 09:54:03
кечээ кечке ырдап журдум
0
rosh
2009-09-12 12:20:03
Клип өтө сонун!!!. MEDIA SATAR AЛГА!!!
0
erlan
2009-09-18 18:50:48
ыр жакшы ырдалган... болгону стилист керек экен жигитке...
0
Токуш
2010-02-15 21:05:48
ээ дозум популярдуу болуп баратасынго кундон кунго.Адыл
0
Мэри
2010-09-28 10:02:36
Ыр, албетте, сонун! Жанылбасам,ыр улуу обончу Асанкалый Керимбевдики!А бул ырды А.Мамыров менчиктеп алганбы же мен жанылып жатамбы? Эмнеге бироонун ырын "меники" дейт?!А аткаруучу жакшы ырдаганга аракет кылыптыр.
0
Amanbek
2011-03-18 17:41:55
Азаматсын, Нарынбек! Эң жакшы аткаргансың бул ырды! Кыргыздын нукура колоритин ыр аркылуу угармандарга эң сонун түрдө өткөрүп бере алгансың!
0
Narynbek
2011-08-16 22:45:31
Азаматсың!Бул ыр А Керимбаевдики жана А Мамыровдуку да эмес.Бул ыр Арстан Маликеевдики мен билгенден
+1
mister
2016-06-30 17:36:02
Narynbek, бул ырдын анык автору башка. Аксы жергесинин жонокой тургуну. Убагында ырды сатып жиберген экен.
0
islamkg
2011-10-16 03:38:01
Ийгилик Нарынбек байке кыргыздын каада салтарына да туура келиптир клип жана ырга да дал келген унорунуз очпосун бирок оркундосун!
0
TileKG_123
2012-12-25 23:48:35
баракелде
0
mamytoff
2014-04-25 19:37:18
хххная песня
0
admin_superstan
2014-04-25 20:18:40
mamytoff, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынат!
Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан