КЕҢЕШ тобу Ханышам

Жүктөлгөн: 12-04-2012
07:28
99.94 Мб
КЕҢЕШ тобу "Ханышам"
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : М.Мамбетовдуку
Карагат көздөрүңдөн,
Көз албай тигилемин.
Канчалык кыйналсам да,
Бир сага ийилемин, ханышам.
Кусага дайым батып,
Өзүңдү сагынамын.
Сүйүүнүн балы болсоң,
Тамшанып малынамын, ханышам.
Үмүттүн кылын терип,
Бүтпөгөн кыялдарым.
Үнүңдү угуш үчүн,
Өзүмдү кыяладым, ханышам.
Көз артса көптөр сага,
Алардан кызганамын.
Көңүлүм сенден издеп,
Сезимдин ыргактарын, ханышам.

Кайырма:
Сен тандаган, сен жандаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.
Сен каалаган, сен баалаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.

Көңүлдөн орун алган,
Жүрөктүн демисиңби?
Өмүрдө бир жаралчу,
Жердеги перисиңби, ханышам?
Суктанам карагаттай,
Капкара көздөрүңө.
Сыйкыры катылгансыйт,
Сырланган сөздөрүңдө, ханышам.
Жуурулуп сезим менен,
Жүрөккө орнодуңбу?
Суурулуп сулуулардан,
Ээледиң ойлорумду, ханышам.
Сүйүүдөн букет жасап,
Өзүңө баргым келет.
Түгөйүң болуп сенин,
Түбөлүккө калгым келет, ханышам.

Кайырма:
Комментарийлер (99)
samatoff
2012-08-08 17:05:04
ушунча акча короткондон кийин жакшыраак эле тартпайсынарбы, КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫНЫН ЭРАЛАШЫ болуп калыптыр го хахааа
-6
chailoo
2012-08-08 20:19:51
башында башталгыча эле(жазуулары)чыдамым кетип калды а так нормально.
0
gulai-baha
2012-08-13 09:53:38
Кенеш тобунун клиптери дайыма жакшы болчу. Ал эми бул клиби узак болуп кетиптир.
0
aikajanka19
2012-08-19 18:12:54
мага ушул кенеш тобунун ырлары дегеле жакпайт. бул топтун ырларынын жанырганын уксам же очур дейм,же ошол болмодон качып чыгам.бррррррррррр
0
perusa_kg
2012-08-26 15:45:17
Азаматсынар
0
sultan.kg
2012-08-31 01:47:01
аягы исторический кино болуп кеткен го...............
0
Kolbaev1991
2012-09-01 04:37:26
Рэпер болуп кеткен го
0
kutmidin81
2012-11-08 22:00:24
Курт жеген тишине карап ырсай дегендей болбогулачы.Клип жакшы тартылган азаматсынар,Балалык деген ырынар дагы жакшы.
+2
uty
2012-11-23 17:52:11
КЕНЕШ тобунун ырлары бирида жаман емес...мен силердин ырынарды уккандан тажабайм...ИЙГИЛИК силерге.анча мынча коро албагандардын созуно конул бурбай еле койгула..
0
kuba.kg
2012-12-14 01:13:57
клип эмес кино болуп калыптырго азаматсынар кенеш тобу
0
altynaii
2012-12-14 01:26:38
ырлары мага абдан жагат ханыышасы айрыкча
0
akulya17
2013-03-22 17:54:09
музур байке абдан жакшы мимикалар менен ырдаптыр!Гулмира эже да соонун ырдаптыр!Мага да узакка созулган паузасы жаккан жок
0
Aidaiko
2013-04-19 16:21:20
uwulardyn kaisy klibi bolbosun, ozun4o ele kino bolup ketet
0
buran12
2013-04-20 22:38:43
ээээн сонун тартылыптыр алга кенеш тобу!
0
Aisuluu160790
2015-06-02 13:28:30
Клипке да соз жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан