Сапар Эркебаев Алма гүлү

Жүктөлгөн: 14-05-2012
04:29
42.98 Мб
Сапар Эркебаев "Алма гүлү"
Сөзү : Ж.Сыдыков
Обону : Ж.Мамажановдуку
Канча ирет аппак болуп алма гүлү,
Канча ирет куурап түштү гүлдүн бүрү.
Калган бейм ал гүлдөрдүн далдасында,
Кыз жандап жүргөн чагым кечээ күнү.

Ишенбей сен улгайдың десең мага,
Боз улан эмес белем кечээ гана.
Ал кезде махабатты эстеп алып,
Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара.

Ах, чиркин, сонун мезгил артта калып,
Түнкү оттой тээ алыстан бүл-бүл жанып.
Тутантат куса болгон жүрөгүмдү,
Ээрчитип, өзүн көздөй тартып алып.

“Дүрт” этип махабаттан келсем эрип,
Дагы эле келет сага эркелегим.
Кайдасың, айтсаң боло, кызыл алма?
Кайдасың жүрөгүмдүн эңсегени?
Комментарийлер (36)
azem7
2012-06-09 05:34:11
azamat
0
Meko1991kg
2012-06-23 17:32:45
Jakwy yr eken jaw kezderdi eske salgan ....))))
0
2012-07-17 13:49:43
jakkan jok
0
Ms.Nur
2012-07-17 19:36:17
Мага Жакты сонун ыр маанисида жакшы жаштыгымды эске салды...;-(
0
DROOPI
2012-07-31 19:20:48
Ырын жакшы го клиптин мазаси жокго бу укам
0
nurkojo
2012-10-06 06:14:22
Сапар байке ийгилик.Ж.Мамажанов чыныгы талант.Рахмат Сапар байке
0
fulzar
2012-10-18 13:13:04
Эң сонун ырдаган. Уккандан тажабайсың. Сапардын үнү сонун, маанилүү ырларды ырдайт.
0
kampotik-91
2012-10-19 16:42:07
molodets golos bar bazar jok azamatsyz 55555555555
0
kaiurka
2013-02-05 14:16:31
5+
0
ayka982
2013-04-12 01:32:53
Мага аябай жагат ушул ыр,ырдын авторуна жана композиторуна,ырдап чыккан Сапарга чооон рахмат!!!!
0
mamatkerim
2013-07-08 14:35:29
Аябай сонун ыр Сапар да жакшы ырдаптыр
0
Erik_83
2014-02-18 10:10:12
Урматтуу Админ ушул ырдын Ж. Мамажановдун аткаруусундагы версиясы бар болсо жуктоп койсонор жакшы болот эле
+1
Jyrgal_msk
2014-03-16 20:38:03
80-жылдардын хит ыры.Ж.Мамажанов озу жакшы ырдаган.Сапардын уну деле жакшы,бирок авторго жетпейт.Аудиосунда тексттери алмашып кетиптир.Видеоклипте бир куплети жетишпейт.Калып калган куплети:
Кайрадан жаз жадырап мына бүгүн,
Аралап тиктеп турам алма гүлүн.
Элесин көз алдыма келе калып,
Угулду кулагыма сенин үнүң.
0
Samandar
2014-05-08 08:26:42
Jyrgal_msk, ээн туура айтасын ырды бузуп тумчугуп ырдаган
0
Samandar
2014-05-08 08:25:22
Тим эле тан калаарыл кылып автор Жолдошбек мамажанов ырдаар эле,Сапардын ырдаганы жон эле сонун ырды бузган текс да озгоргон
0
beyonce-91
2014-05-08 22:27:13
Сонун ыр экен!Ийгилик!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан