Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан күчтүү кылган Кудай экен
Абаны сулуу кылган ырай экен,
Адамды сулуу кылган чырай экен.
Чырайлуу табиятты тартуу кылып,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген,
Кудай экен.
Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен.
Мезгилдин арыз муңун айта жүр деп,
Мендейди акын кылган Кудай экен.
Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан кучтуу кылган,
Баарынан кучтуу кылган,
Баарынан эстүү кылган,
Кудай экен
Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен,
Мезгилдин арыз муунун айта жүр деп
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган Кудай экен.
Комментарийлер (56)
gaspar43
2012-07-28 13:34:58
Ырдын мааниси жакты! Клип кышында тартылып, жана жайында коргозгону аябай кызык болду. Кышты сагынып кеттим!
0
egoiste
2012-07-29 20:37:16
эн сонун ыр болуптур. мага аябай жакты. клип да жакшы. хит параддарда алдынкы орунду ала турган ыр болуптур.чыгармачылыгынды кудай озу колдосун
0
egoiste
2012-07-29 20:38:29
Эрландын продюсери Айбек эмес Эркин деген бала.
0
gaspar43
2012-07-31 12:11:52
Эркин деген?
0
olga56
2012-08-03 15:41:19
Туткан орозонор кабыл болсун! Аябай жакшы клип болуптур! Мыкты ыр! Кудай сени колдосун!!!!
0
timatikg
2012-08-03 15:45:33
Классная песня!!! Я верю в бога!!!
+1
erik_sakiev
2012-08-06 17:58:01
кимге окшоштуруп ырдаса да ырдаса болдуда баары жакшы эле
Бул ырдын автору Турдакун Ниязалиев - ыймандуу, таланттуу жигит. Аны менен бирге окугам. Аллах, Мухаммад Пайгамбар (САВС, ыйманга угуттоо жонундо мыкты ырлары бар. Бул ырдын коркун чыгарган Эрлан эмес, ырдын автору Турдакун!
0
Robin_777772012
2013-12-04 20:25:08
Ушул ырды уккан сайын журогум тынчтанып,жакшы маннайга толуп...Кубанам
0
STAN_KG
2015-12-11 23:23:05
Турдакун азамат, болгону сүрөттү дарактарга чапташтырбай эле койбопсуңарда!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.