Саламат Садыкова Периштем

Жүктөлгөн: 20-08-2012
03:58
48.71 Мб
Жанр: Ретро
Саламат Садыкова "Периштем"
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.

Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.

Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Жолукчу мага, периштем.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.
Түшүмө кирчи, периштем.
Комментарийлер (5)
Ashan
2012-08-20 18:15:49
Саламат эжени ушунчалык сыйлайм мен сыймыктанган ырчылардын бири, сизге ден-соолук ишинизге ийгилик дагы да болсо эмгегинизди аябаныз биз учун.Бактылуу каарылыкты каалайм ! (карыбаныз бирок )
+1
asemkiz
2012-08-21 20:48:06
уну снун
0
Мэри
2012-08-22 17:50:24
Саламат Садыкова Рыспай Абдыкадыровдун ырларын элге жеткирүүдө чоң салым кошту. Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгын Саламат эже аркылуу тааныгам. Саламат эже ырга сүңгүп кирип кетет, ошонусу жагат. Дагы улуттук костюмдары сонун, табити аябай жакшы.
+1
maya666
2012-08-26 18:12:04
Жакшы
+1
Guljamal_2116
2016-04-13 20:33:35
Керемет ыр,Р.Абдыкадыровдун ырлары туболуко жашайт журогубуздо!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан