Юлия Руцкая Рапсодия

Жүктөлгөн: 23-08-2012
02:35
36.02 Мб
Юлия Руцкая "Рапсодия"
Сөзү : Кыялбек Кыргыз
Обону : Михалис Антониу
Сурабайм отту Прометейден,
Алоолонуп жандым сенден.
Олимпке баргым келген
От болуп.
Жүзүмдөй жүрөктү эзем, канымда шарап кайнап,
Күткөнүм канча күн күкүктөр калат сайрап.
Ошо жалыныма өрттөнөм деп чочубай,
Учуп кел Икар болуп сүйүүдөн канат байлап!

Агарып атты таң...

Башкага мени кыйба, жаным.
Кайгы салып кыйнабагын.
Капыстан кыйрабайын
Троядай.
Мас болдум махабаттан, канымда шарап кайнап,
Күткөнүм канча күн күкүктөр калат сайрап.
Көргүм келип өзүңдү, көздөрүм барат жайнап,
Икар болуп учуп кел сүйүүдөн канат байлап!

Бакыт күндү мен тилеп,
Сага кабар жиберем Герместен:
“Келчи, жаным, келчи...” деп.

Жүзүмдөй жүрөктү эзем, канымда шарап кайнап,
Күткөнүм канча күн күкүктөр калат сайрап.
Көргүм келип өзүңдү, көздөрүм барат жайнап,
Учуп кел Икар болуп сүйүүдөн канат байлап!
Комментарийлер (17)
RossiKG
2012-08-23 21:20:51
кыргыз тилинде ырдаган учун-респект-азаматсын!
+11
Барби
2012-08-24 12:52:14
Клип жакшы тартылыптыр. Музыкасы да озгочо болуптур. Азамат Юлия дагы да кыргыз тилинде ырдап журє бер.
+8
Asecha
2012-08-24 16:58:00
Ырдын маанисин такыр тушунгон жокмун. Клип деле болбой калыптыр, менин оюмча. Ыр, клип эмес, Юлия башкы планга чыгып калган.
-5
adilbekovich
2013-11-10 01:46:44
Asecha,
ырдын мааниси суйуу
жонундо ал эми создоруно токтолсок прометей икар гермес булар грек мифологиясында бири от кудайы бири соода кудайы чабарман бири алгачкы асманга канат жасап учкандардан троя шаар болгон клиптен деле байкаса болот ырчынын кийими башындагы венок украшениялары арткы фон байыркы грецияны чагылдырат
+2
Aelina
2012-08-24 17:45:51
Klip jakshy boluptur birok yry menen yny takyr jakkan jok.
-7
inspiron
2012-08-24 20:42:45
klip jakty, ozgocho boluptur... berki yr4ylarga karaganda jakhsy... arturdu bolup,
+1
azapraza
2012-08-25 02:09:55
soooonun boluptur. jakwyny jakwy der kerek Kamin oinowu bolsoda. klip super.
+1
ketsinizm
2012-08-25 13:03:59
yuliya azamatsing,bul irdi kundo uga turgan boldum....abdan jaksi ir eken!!!
+4
Jim
2012-08-27 12:34:23
Музыкасы жаккан жок, бирок кыргызча ыр экени жакты.
0
jslbrk
2012-08-27 21:07:33
Юлия, кыргызча кээ бир кыргыз кыздардан дагы таза суйлойт, емне дейм бышында эле АУКта жургондо бойум узун болсо, сага жарашсам, сенин артыган калбайт элем келинчегим кылганча! :D. Азыркылар айткандай Рэспект и уважуха Юлия, сендей КЫРГЫЗ кыздары кобойо берсин. Клипти жаман дегендер силерге емне суйом, олом, болбой калдым, олуп калдым дегендер жагабы. Мааниси жок клиптерге конгонсунор да. Молодец Юлия.
+5
tattusha
2012-08-28 17:27:19
туура эмес сын айтсам кечирим сурайм, но мен дагы ырдын маанисин тушунгон жокмун, музыкасын деле.
-10
inkognito
2012-08-29 00:22:06
красивая!
+7
man9419
2012-09-03 13:35:33
азаматсын юлия так держать
+4
mara12
2012-09-11 21:11:43
мага абдан жакты созу да жана клипи да, ырдын создорундо коп маанилуу учурлар бар...
+4
nelli
2012-10-04 20:20:18
Респект иУважуха дегендей азаматсын. Ийгилик сага
+3
Debi
2012-10-17 20:55:24
Абдан кооз! Клип да жакты, үнү да, ырдаганы да жакты! Көрбөсөм кыргыз эмес деп эч ойломок эмесмин. Азамат! Кайсы орус эле ушинтип кыргызча ырдап жатыптыр. Аа, Бобков да бар эмеспи. Аны да абдан сыйлайм.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан