Бегимай Бекбоева Атама

Жүктөлгөн: 01-09-2009
04:16
25.82 Мб
Жанр: Поп
Бегимай Бекбоева "Атама"
Сөзү : И.Кадыровдуку
Обону : Д.Кыдыковдуку
Түшүмө кирдиң түндө,
Күмүш чал чабдар атчан.
Калыпсың бир аз жүдөп,
Чачыңды буурул баскан.
Болдубу алда неме,
Жүдөдүң анча неге?
Аттиң ай, жашайт тура.
Беш миң жыл арча деле.

Кайырма:
Мүмкүн сен болот элең,
Абышка аппак сакал.
Ызаттап, калк кадырлап,
Ар сөзүң болуп макал.

Уулуңдун уулун көрүп,
Турбадың мээрим төгүп.
Ошону эстегенде,
Чиркин ай, жүрөктү оюп.
Түшүмө кирчи дагы,
Кайраттуу мурункудай.
Жүрөктө жүрчү дайым,
Эч качан унутулбай.

Кайырма:
Сага арнап, сени эскерип,
Эч нерсе жасай албай.
Тек гана жүрөм эстеп,
Атаке, атакебай.

Түшүмө кирдиң түндө,
Күмүш чал чабдар атчан.
Калыпсың бир аз жүдөп,
Чачыңды буурул баскан.
Болдубу алда неме,
Жүдөдүң анча неге?
Аттиң, ай, жашайт тура,
Беш миң жыл арча деле.

Кайырма:
Комментарийлер (30)
Барби
2009-09-16 09:31:30
клип жакшы тартылыптыр, бирок Бегимай ото берилип ойноп жатам дегени ишке ашпагандай корунот.
-1
Агата Кристи
2009-09-16 09:42:12
аракети бар, бирок эмнегедир ушул кыздын коздору башкача да. тике караган коздордун бири экен. ыр жакшы, бирок аны ийине жеткире ырдай алган эмес.
-1
erlan
2009-09-18 18:33:53
фильм ужасов... триллер тартса болот экен режиссер...
0
Japalak
2009-09-18 22:01:47
Опять, то же самое. У нас у каждого певца есть подобное: Атама, Апама, Придумайте что нибудь новое! Неужели думать не умеете. Неудивительно никто не слушает кыргызские песни.
0
Kanoya
2009-09-21 12:59:24
Атанын алдында бийлебей эле койбоптур.Калганы жакшы эле.
0
Best Girl
2009-09-29 16:09:07
Короче, это уже бонально...
0
Danil
2009-12-01 12:56:07
abdan sonun...
soz jok
0
сокол
2009-12-12 16:38:44
Действительно душевная песня, молодец
0
айкуся
2009-12-14 10:19:59
ващеее соонун тартылыптыр..молодец.Лучше посвящать песни маме или папе нежели петь там всякие бональности на счёт всякой фигни!!!Ты супер бегиимай и песня и клип............
0
kamo
2010-01-05 16:09:10
ыр жакшы исполнительница вообще не нравится
0
эленура
2010-05-05 01:34:35
Клип абдан сонун тартылган жана обону да жакшы, чыгармачылыгына ийгилик БЕГИМАЙ!!!
0
almasbek
2010-06-03 19:56:48
озбектердин ырын которуп ырдаганды токтотсон!
Кыргыз элинин намысына ЧЫЧПАЙ
баякы озбектердин ""мафтун" тобунун "алло-алло жакшы кыз" деген ырын ырдаганында аябай аллергия болом.
дагы обону Жолдошбек Апасов
созу Женишбек Жумакадыров
деген аябай эле уят
0
zada
2010-10-17 16:33:23
ырдын мааниси соонун экен.
0
Tina.davlet
2011-09-25 22:52:32
Begimaydyn bawka yrlaryn go bilbeym,li4no uwul yry maga ayabay jagat,baardyk yrlardan en berilip ukkan yrym uwul,ka4an atamy estegen sayin uwul yrdy internetten taap ugam jana yr butkon4o yilaym,yrdagany da klibi da ayabay sonun kanday bolso da
0
etaj_rus79
2015-01-02 13:17:56
бул ырды уккан сайын атамды эстей берем ошол себептен кайра кайра укум келе берет аталар дайым бар болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан