Кубаныч Сатаев Биз Бишкектен бакыт издедик

Жүктөлгөн: 17-09-2012
03:35
98.64 Мб
Кубаныч Сатаев "Биз Бишкектен бакыт издедик"
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Тойчу Какеевдики
Бишкегим – борбор калам,
Алтын уям – Бишкегим.
Сенде окуп, сенде жашап, иштедим,
Сенде окуп, сенде жашап.
Мезгил учуп жалындаган курактан,
Элес болуп калды сенде издерим.

Кайырма:
Бирге өстүк, бирге ойнодук,
Жаштык кездин баркын, бирок билбедик.
Табышмактуу келечекке,
Бирге кол сунуп,
Биз Бишкектен бакыт издедик.

Бакыт издеп алыс жакка барбадым,
Бакыт кушун бир өзүңдөн кармадым.
Канчалаган кооз шаарлар көрсөм да,
Теңдештирбей Бишкегимди тандадым.

Кайырма:
Чогуу басып бульварында,
Чоң сүйүүдөн үмүттөрдү үзбөдүк.
Балдарындай эркелетип,
Баарын батырган,
Биз Бишкектен бакыт издедик.

Бирге өстүк, бирге ойнодук,
Кырчын кездин баркын, бирок билбедик.
Табышмактуу келечекке,
Бирге кол сунуп,
Биз Бишкектен бакыт издедик.

Балдарындай эркелетип,
Баарын батырган,
Биз Бишкектен бакыт издедик.








Комментарийлер (18)
Aydan
2012-09-18 11:29:30
Vauu jany, super klip super infodo! Pozitivduu klip eken. Krasochniy i veseliy! Tatynakay baldar tartylyptyr. Baykege koptogon iygilikterdi kaalaybyz!
+3
Jeki
2012-09-18 13:08:41
Козу бакырайган бала озунун уулу окшойт, окшошуп турат. Ылайым аталарындай таланттуу, эл керегине жараган жигит болсун! Клип абдан жакты. Кубан, сага чыгармачылык ийгилик, уй булолук бакыт каалайбыз, атандын атын очурбо!
+1
baibolot71
2012-09-18 19:31:14
Суперчилер клип жакшы корунбой жатат,бир карап койсонор эмнеге корсотбой жатканын.А так клип эн жакшы болуптур да.
+6
univer
2012-09-21 17:00:50
Vazir jakshy,han jakshy,ayal jakshy er jakshy degendey,jubayiniz m.n baktyluu bolunuz.Chygarmachylyk iygilik
+3
Nukthai
2012-09-21 18:25:27
Жакшыб мага жакты
+2
Meerimgul
2012-09-26 00:51:41
Кубаныч атанын баласы,азамат!
+3
Jiza
2012-09-26 11:14:40
Позитив клип экен! Ырчыларыбыз эргуу алып ушундай ырлар жарала берсин. Бишкек шаарыбыз гулдоп, осуп-онуго берсин, ура!
+2
zak81
2012-09-29 13:05:31
неге толук корсотпойт я
0
GER
2012-10-04 21:28:42
Классно! Он отлично поет!
+2
ABU
2012-12-23 15:16:59
мага коп жаккан жок ото эле бат баттан ар кайсы жерди корсото бериптир. Бирок ыры жакшы экен
-1
Elnur4ik
2012-12-30 19:14:58
Бул ырдын обону Сокулук районунун Асылбащ айылынан 90-чу жылдары чыккан "Келечек" тобунун "Келечек" аттуу ырыныкы экен. ))))
+1
Maral-kg
2013-01-03 10:29:57
Клип позитивдүү, бирок супер деп атоодон алысмын. Кубаныч мырзада табит деген жок. Жада калса кийген кийми да көчөдө жүргөн балдардай.
0
MaksatXXI
2013-01-03 10:48:51
Бир куну эле кочого балдары менен сейилдегенге чыгып эле, клип тартуу идеясын ишке ашыргандай... озуно тарта турган жарытылуу деле кадр жок. Ырчы бир аз изденсе болмок.
0
Jiza
2013-02-21 15:37:33
Maral-kg, kochogo sayma chapan kiyip yrdamak bele bawyn ishtetsen. Sopsonun kiyinip turat.Ochen daje stilno i modno. Kyrgyzcha sayma chapan je jyltyrak koynoktu sahnaga kiyet :) Jumurtkadan kyr izdebey, yrdagyla, klip tartkyla, uy bulo kurgula, baldarynar bagyp jetishkile i bizge korsotkulochu korolu!
+1
Chelsea1234
2014-12-13 20:49:11
Саламатсызбы Админ,Кубаныч Сатаевдин Арман ай деген ырын медиа порталга жуктоп коюнуздарчы сураныч ото чооон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан