Дилшат Кангелдиева Периштем

Жүктөлгөн: 11-10-2012
03:31
44.96 Мб
Дилшат Кангелдиева "Периштем"
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагынып сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.

Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.

Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан,
Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна.
Карекке конуп, үмүтүм болуп,
Жанымда турчу, периштем.

Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эстеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Түшүмө кирчи, периштем.
Комментарийлер (8)
Dina88
2012-10-12 23:32:31
мага аябай жакты онорунуз оркундой берсин.
0
Tuna
2012-10-13 00:35:17
Maga da jakti.
0
aybekerlan
2012-10-14 14:30:02
Урматтуу super.kg редакциясы,Дилшат Кангелдиеванын аткаруусундагы ырларды жуктоп мени аябай суйунттунор.Сиздерге ыраазычылык билдирем.Интернеттен издеп бир да ырын таппай жургом.Сздерден отунуч,"Кудай кошкон кудабыз,Кары-жашпы баарыбыз,Эки жаштын куш боосун,бек болуусун каалайбыз" деген ырын созу менен бирге жуктоп койсонуздар, абдан ыраазы боломун. Рахмат
0
admin_MiranA
2012-10-15 10:17:40
aybekerlan, буюрса Дилшат Кангелдиеваны ырларынын баарын жакынкы аралыкта жүктөп коёбуз деп сөз берем :)
0
aika90-88
2012-10-14 19:46:39
онорунуз мындан нары ташкындай берсин
0
ice.sulushka
2012-10-15 12:01:24
урматтуу колдонуучулар, медиапорталдан кантип видео корсо болот айтып койгулачы, же кочурмойунча болбойбу?
0
ulia
2012-10-18 09:35:54
Дильшат эже сизди чыгырмачыл адам катары жана эже катары аябай сыйлайм.онорунуз оркундой берсин!синдиниз ОЗГОЧОМ.
+1
Debi
2012-10-22 21:51:48
Абдан сонун ыр! Рыспай деген эмне деген обончу эле! Ушуну менен төртүнчү аткаруучунун ырдаганын угуп жатам. Сонун ыр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан