Азамат Сарыбаев Кыздар, ай

Жүктөлгөн: 26-10-2012
02:48
38.81 Мб
Азамат Сарыбаев "Кыздар, ай"
Жашыл гүлдөй жайкалып,
Айылды сонун түрлөнткөн.
Ак жибектей буралып,
Балапандай теңөскөн.
Басканы сонун маралдай,
Биздин Ала-Тоонун,
Ай, ий, кыздары, ай, эй.

Он бешинде ай толуп,
Жарыгы тоону жапкандай.
Таңсөгүлүп жаркырап,
Алтын нурун чачкандай.
Кызыл, бир тазыл элеси,
Биздин кыргый мүчө,
Ай, ий, кыздар, ай.

Түлөгү жетип уядан,
Ак шумкар сызып учкандай.
Туу көтөрүп, күү чалып,
Эл майрамдап чыккандай.
Элдин бир жары эркетай,
Ошол элдин, жердин,
Ай, ий, кыздары, ай.

Калкылдап көлдүн үстүндө,
Пароход жолго чыккандай.
Канатын тарап каз-өрдөк,
Ак куулар чардап жаткандай.
Алтын бир нурдуу, бети айдай,
Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай.
Комментарийлер (21)
Narynbek
2012-10-30 15:42:52
Кыргыздын улуттук кийимдери кандай сонун жарашат.Абдан жакшы клип болуптур.Азаматсың!
0
baxxa
2012-10-30 19:59:12
эн жакшы
0
chike87
2012-10-30 20:04:31
Ийгилик сизге дайыма кыргыз эски ырларын козгоп ырдап журобериниз.
0
ilgiz
2012-10-31 00:24:26
клип жакшы экен бирок кыздардын бийлегендери эптеп септеп го!!
0
KIGAN88
2012-10-31 10:02:25
жакшы эле го, жулкулдап бийлешсинби анан, созолонуп атышат да, кыргыз кыздары негизи созолонуп туруш керек.
0
Koreanka
2013-03-17 11:12:39
KIGAN88, жулкулдап эмес а эптебей жакшы бийлеш кк. пусть созолонуп бийлешсин но корктуу бийлешсе болмок.
0
JUROK
2012-10-31 21:44:32
Уну абдан жакшы экен.Бирок,тоонун деген созду тонуун дегени жакпады.
0
zhainak
2012-10-31 23:19:10
Азамат жакшы клип болуптур
0
joza
2012-11-05 01:25:16
Соз жок азамат
0
Riba.kg
2012-11-09 04:38:46
Azamat baari jakwi birok bul kliptin rejisseru kim?
0
Q.b.a
2012-11-09 08:25:19
Бюджети аябай эле коп корунот го1
0
NADUW
2012-11-11 23:24:46
супер-пупер!
0
TolonturCN
2012-11-12 17:01:04
Мына клип деп ушуну айт, тап таза, кандай гана соонун көрүнөт. улуттук баалуулуктар чагылдырылган, жолуңар шыдыр болсун. казактын ADAI FILM деген студиянын тасмалары ушундай улуттук өзгөчөлүк менен тартылган, керек боло андан ашыра тартсаңар экен. улуу элден улуу эмгек жаралаарына ишенем.
Бул клипти баш беттен көрүп эле соонун зесизди.
0
Meka.J
2012-11-29 16:07:11
Ooo Ayabai sonun klip boluptur, Maga ayabai jakty. Myndan da jakshy klipterditarta beriniz demekchimin.Yaltadan 3 orundu aldy dep uktum. Syilygynyz kut bolsun! Alga Azamat baike.w
0
Koreanka
2013-03-17 11:10:57
Кийимдерин ондосонор болмок. илгери кыргыз кыздары мынчалык шалбырап кийинишкен эмес тыкан кымча белдуу болушкан. клипте кыздар татынакай бирок кийимдери чон апасынын кийимин кийип алгандай шалбырайт.
0
Zhamgurbek
2013-12-25 00:27:32
Эн жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан