Саламат Садыкова Ала-Тоо

Жүктөлгөн: 28-11-2012
03:02
37.92 Мб
Саламат Садыкова "Ала-Тоо"
Асман көктө чалкыган, жериң сонун Ала –Тоо,
Ата-журтуу акылман, элиң сонун Ала –Тоо.
Аркар, кулжа жайнаган, төрүң сонун Ала –Тоо,
Ак-куу сүзүп калкыган, көлүң сонун Ала –Тоо.

Эркин кыргыз элине, энчи болгон Ала –Тоо,
Эгемендүү жерине, кечи болгон Ала –Тоо.
Каркырадай жебесин созо жүрөт Ала –Тоо,
Кайда жүрсөм элесиң, кошо жүрөт Ала –Тоо.

Түркүн гүлү жайнаган, түрүң сонун саймадан,
Гүл зарыңда түрдүү куш, күн, түн тынбай сайраган.
Карегимди толтуруп карай берем кайрадан,
Кагылайын Ала –Тоо, караныңдан айланам.
Комментарийлер (2)
Jiza
2012-11-30 10:10:41
Тоолорду коруп энергия алдым...Патриоттук духту ойготкон чыгарма, ушул ырда абдан жакшы коруп угабыз! эжеке сизге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилктерди каалайбыз. Ар дайым кыргыздын жузу болуп журо бериниз. Балдарыныздын, неберелериниздин жакшылыгын корунуз. Ала-Тоо деп ырдап,кадыр-баркыныз тоодой бийиктикте журо бериниз!
+1
Tagdyr
2012-12-05 16:45:15
Эх, Кыргыз жери кереметке байда! Сени суйом Ала-Тоом!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан