Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм.
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.
Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айылыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабадым.
Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да моюнуңа,
Кумарым канмайынча жөн койбосом.
Комментарийлер (8)
Aydan
2012-11-30 11:08:16
Жаштык кез кандай керемет! Ийгилик сизге эжеке, сулуу бойдон журо бериниз!
+1
Chynchyl
2012-12-01 05:05:15
керемет
+2
Tolckunbek
2012-12-23 16:40:11
орижинал, жакшы ыр!
+2
anteya
2013-02-21 05:02:53
Ушул кинофильмди жакшы кором. Гулсун эже жакшы ырдаган, Суймонкул агабызда соз жок: аткарганы, адамды озуно тарткан келбети... Фильм реальный, АКШынын супер деген фильмдеринен дагы ушул фильм, спец-эффект, компьютердик графикасы жок эле ашып тушот.
+1
nurmamatov
2013-11-26 02:07:46
эххххххххх кандай гана шедевр ырларды жараткан ата бабалар уккун эле келет
0
Askatbek92
2014-02-03 20:55:24
Ушул ырлар абдан сонун чыкканда уккулуктуу да, кулагына да жагымдуу. Уккан сайын уккун келетко чиркин.