Саламат Садыкова Биз экөөбүз

Жүктөлгөн: 29-11-2012
04:21
54.38 Мб
Саламат Садыкова "Биз экөөбүз"
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Билбейм кайдан жаралгансың сен мага?
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай.

Же болбосо сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А, болбосо айтчы жаным эмне үчүн?
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң.

Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да, ойлоруңа киришкен.
Сен экөөбүз, эки сандай барабар,
Сен экөөбүз, эки суудай бириккен
Комментарийлер (13)
peach
2012-11-29 23:44:44
baldarynyn baktysyna kubanyp,kyimyldabagan Salamat eje biylep jiberiptir.
+4
anteya
2013-02-21 05:19:53
peach, мен да ошону айтам да : ))))))))))))))))Канча жыл сахнада журуп бийлечу эмес эле.... Эжеге ийгилик
+1
Амир
2012-11-30 09:04:43
Ырдын акырындагы вальстагы кадрда Кундуздун бети аябай даана тартылып, жагымсыз корунот экен. Кантсе да Кубанычтан чон экени билинип калыптыр.
-3
Jeki
2012-11-30 09:58:12
Эн жакшы жаратылган чыгарма, эн мыкты аткарылган ж-а эн бактылуу уй було тартылыптыр! Азаматтар чыгармачылыктагы ийгиликтер кобойо берсин. Биз силер менен сыймыктанабыз! Коро албастарга конул бурбагыла. Кыргыздын эн жаман сапаты бул коро албастык! Андан арылган адам г-а оз жашоосун жогорку денгээлге жеткире алат!
+4
fanatka19
2012-11-30 13:08:21
Саламат эженин унундой ун жокго чиркин.
+3
Tuna
2012-11-30 13:37:31
Super.
+1
Aydan
2012-11-30 16:52:01
Амир, сиз бироолорго сындуу катуу айтканынызга караганда озунуз ото идеалдуу болсонуз керек..андай б-со суротунузду коюп коюнуз сизге да бир сын таштайлы..Озунуздун башыныздагы тоону корбой, бироонун башындагы чопту коруп суйлодунуз. Унутпаныз жамандык жамандыкты, жакшылык жакшылыкты жаратат!
0
dockg
2012-11-30 17:31:40
Суупер
0
anteya
2013-02-21 05:16:09
Клиптерге качан нормально аткара тургандарды тартабыз я. Суйгону гул которуп келсе, аран эле жылмаят да, жылмайсамбы же жылмайбай эле койсомбу, дегендей да. Аткаруучулук жондому барлар жокпу? Саламат эжеде соз жок, уну кучтуу,аны баарыбыз билебиз да.
0
Jeki
2013-02-21 15:16:35
peach menen anteya ичинер ушунча тар экен, жазунардан тырышкан-бырышкан бетинер корунуп турат даже :)силерди эже клипке тармак эмес баары бир :) ырды балдарыма арнагам деп айтып журот ко..силер дагы балалуу болуп ошолорду клипке тартуу мумкунчулугунор болсун ылайым! Кыргыздар коро албай журуп оспойт! аман болгула, бактылуу болугла!!!
-1
admin_media
2013-02-21 16:28:31
Jeki,
Биринчиден,далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга жол берилбейт!
0
admin_media
2013-02-21 16:29:44
Jeki,
Экинчиден, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
10 күн банга!
0
kyrgyzman82
2013-12-30 21:14:17
бул рыспай абдыкадыров да абдыкадыров кыргыздын сыймыгы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан