Саламат Садыкова Таң сыры

Жүктөлгөн: 06-12-2012
03:48
47.96 Мб
Саламат Садыкова "Таң сыры"
Сөзү : А.Исаевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылган,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.

Кайырма:
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып өтүнөм?
Кимге барып күнү-түнү,
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?

Таңшыганча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?

Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Эстегенде сермелерсиң,
Арбалсаң да бир келерсиң,
Эстегенде сермелерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.

Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өкүнгөнүң көңүлүмдө элестеп,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.

Жалын бүрккөн үшкүрүгүң,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Комментарийлер (5)
KG_URPAGI
2012-12-10 11:02:59
Салам Кыргызстаным! жаш болсом да Саламат Садыкованын ырларын берилуу менен жан дуйном кубат алып угат. Унунуз эч кимдикине окшобогон мукамдуу, уккулуктуу жана керемет! бар болунуз! Элди мындан ары да кубантып, Ала-Тоого корк кошуп журушунузду каалаймын.
0
buduz-80
2012-12-11 10:56:22
Акаевдин эн жакшы коргон ыры экен, сонун ыр

+1
bosmos7
2012-12-14 16:56:30
Саламат Эжебиздин бир аз кыймылы менен тартылганы абдан жакты. Бар болунуз Сизди дайыма урматайбыз!
0
Мэри
2013-04-29 15:18:05
Бул сонун чыгарма да, Саламат эже да жакшы ырдаган, бирок бийи ашыкча. Жыргап бийлеп алган, ал ырдын мазмунуна төп келбейт. Текстте "табалабайм" деп жатат, а тескерисинче, табалагансып жыргап күлүп-бийлеп жатат...
0
taraza
2013-11-26 01:18:10
Эже кыргызча кийинип, баштаганда эле тажикче бийлеп кирди го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан