Саламат Садыкова Кыргыз жери

Жүктөлгөн: 14-12-2012
03:34
44.61 Мб
Саламат Садыкова "Кыргыз жери"
Сөзү : Т. Байзаковдуку
Обону : А. Жайнаковдуку
Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде.
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн.

Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
Седеби, топчулары, ар бир ташы.
Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.

Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде.
Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери,
Сезилет ата-энелик мээримдери.
Комментарийлер (4)
mikay
2012-12-14 21:24:39
oooooo
0
shumkar.kg
2013-01-08 17:37:12
Кыргыз жеримдин кооздугу сонунюкыргызстанымды аябай сагындым)))
0
Damir Muhambetovich
2013-08-22 17:21:41
kihinekei kezimde uwul yr menen chonoiduk ele... negedir uwul yr menin bala chagymdy kop eske salat...

0
PATRIOT.KG84
2014-06-29 02:16:23
Damir Muhambetovich, туура айтасын мен дагы ушул ыр менен чонойгом радиодон кундо берет эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан