Гүлнур Сатылганова Нандын жыты

Жүктөлгөн: 20-12-2012
04:06
49.6 Мб
Жанр: Поп
Гүлнур Сатылганова "Нандын жыты"
Сөзү : Муса Жангазиевдики
Обону : Эрнест Абдыжапаровдуку
Жаңы бышкан нандын жыты,
Күндүн жайкы ысыгы.
Нан көп болсо үйдүн куту,
Эки беттин кызылы.

Жаңы бышкан нандын даамы,
Жалпы дыйкан эмгеги.
Бүткүл элдин жүрөк каны,
Кен байлыгы жердеги.

Жаңы бышкан нандын жыты,
Жазган ыры акындын.
Көзгө сүйкүм тынчтык кушу,
Күч-кубаты баатырдын.

Жаңы бышкан нандын даамы,
Ата-Журттун дымагы.
Ошондуктан элдин нугу,
Эзелтеден тынбады.
Комментарийлер (56)
baby93
2013-01-16 18:59:34
een sonun... apakemdin nanyn estep sagynyp kettim
0
Chika888
2013-01-22 23:29:55
Гулнур эже ырды ар бир угарманга жеткизе берилип ырдаганы аябай жагат.Клип эн соонун болуптур,кичинекей балакай мынча ширииин.
0
Musio
2013-03-20 04:40:34
ал аскерден келген менмин типа 1945 жылы согуш аяктап нанды сагынып калган кезибиз эле прикольно!!!
0
aida1993
2013-03-23 19:41:00
Мага клип аябай жакты,мыкты тартылган.
0
Talantchyngyz
2013-04-01 15:39:06
сонун!!!!!!!!!
0
aziko1414
2013-04-01 22:11:13
gulnur ejenin yrlary kandai sonun
0
Gul.08
2013-04-02 05:35:04
биздин София Ратарубузго)))) ырларынызды кундо мин уксамда жадабайм...
0
aziato4ka
2013-04-02 21:44:09
kino korgondoi bolup kettim ! =))))
0
azamat7
2013-04-04 14:05:23
сонун клип экен ыр дагы сонун экен
0
Happymom
2013-04-04 17:58:30
Мен Гүлнур эженин эстрада тарабындагы өзгөчөлүгүн баалайм,жана урматтайм ар дайым сапаттуу маанилүү ырларды обого чыгарат.Кыскасы элге дем-күч берген папатриоттук ырларга басым жасайт.Ишиңизге ийгилик дагы-дагы чыгармачылык улуу жол каалайм.
0
aziko1414
2013-04-07 19:51:21
apamdy estep kettim alga gulnur eje
0
onlife.bat_aks
2013-04-15 01:01:47
алыста жургондо дем бере турган ыр экен сонун чыгыптыр чоон рахмат Гульнур эже сизге ийгилик дагы кутобуз жаны ырларынызды
0
best-life
2013-04-16 11:30:39
Талаш жок Г. Сатылганова саналуу мыкты ырчылардын бири, унуно эч кандай сын айталбайм, бирок клиптеги болко нан бир аз клиптин тузун ашырып койгон ))) жогоруда да билдирип кетишиптир бир аз ашыкчалык кылганбы дегендей кылып.Казанга кактап бышырган,тандырга жапкан нандарды элестетип жазган болуш керек акын М.Жангазиев дагы.
0
bemaKG90
2013-05-01 06:19:37
Jargylchakty kopton beri koro elek elem emi kordum. Oh pryam optitti achyp jiberdi go kalama menen
0
kalmurzaev_mirbek
2013-10-25 23:08:38
Кыргыз элибиз сыймыктанган,алтын унду Гулнара эжебизге ийгилик каалайм.Ал эми клип мыкты тартылган кыргыз элибиздин бооз уйу жайылган дасторкону,оймо чиймебиз кээнири чагылдырылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан