Гүлсүн Мамашева Айбыгып жүрөм

Жүктөлгөн: 21-12-2012
02:19
32.19 Мб
Жанр: Ретро
Гүлсүн Мамашева "Айбыгып жүрөм"
Сөзү : Барыктабас Абакировдуку
Обону : Калыйбек Тагаевдики
Көрүнө калса карааның,
Көгүлтүр оттой жанамын.
Шылтоолоп болбос иш үчүн,
Шынаарлап жакын барамын.
Ийменип бирок сүйлөбөй,
Ичимден сызып каламын.

Мезгилдер учат зымырап,
Мендеги ойлор жыйылат.
Капыстан артта келатсаң,
Кадамым калат кыбырап.
Бир паска бирге басканда,
Бүткөн бой кетет чымырап.

Махабат көлүн жай кылып,
Маанайым пасмын кайгырып.
Ойнойбуз түштө булакта,
Ойгонсом калам айрылып,
Кыздарга кыйын иш экен,
Айталбай жүрөм айбыгып.

Жаштарга кыйын иш экен,
Айталбай жүрөм айбыгып.
Комментарийлер (8)
bambucha
2012-12-22 03:44:24
ватять
0
Heavy
2012-12-24 11:31:51
Ийменип бирок сүйлөбөй ХЭЙ! деген жери оллооо жакты :))
0
omur2105
2013-01-10 04:31:01
Коздору жылдыздуу экен эженин.
+1
sale-81
2013-10-01 10:07:01
карызга ырдагандай еле болуптур
0
azamat7386
2014-01-07 15:37:24
супер!
0
kara-alma
2014-08-01 21:39:51
андай гана оригинал обон аткаруучу
0
kurmanbek83
2015-04-08 13:03:11
Гулсун эже браво!!!
0
dastan_nookat
2015-07-24 20:23:50
Чыныгы ырчы !!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан