Нэна Сенин элесиң

Жүктөлгөн: 24-01-2013
02:42
38.14 Мб
Жанр: Джаз
Нэна "Сенин элесиң"
Сен күлсөң мен да күлсөм дейм,
Күлкүңдө күндө жүрсөм дейм.
Эсимден такыр кетпедиң сен,
Элесиң көзгө, сүрөтүң көзгө
Бир өзүң көзгө, ай, элестей.

Эңсөөнүн жалын байрагы,
Желбирейт Чолпон, Ай дагы.
Бейкутта назик сезимге сен,
Бүлүктү салдың, күйүттү салдың,
Үмүттү салдың сен мага кайдагы?

Экөөбүз жаштык гүлдөрүн,
Бир үзүп жыттап жүргөнүң.
Жүрөктө калдың түбөлүк сен,
Кубанчым сенде, бакытым сенде
Таалайым сенде, ай, сүйгөнүм.
Комментарийлер (13)
ELIMA91
2013-01-25 02:54:06
Мага аябай жакты
+2
http
2013-01-25 11:21:50
Уну керемет да. Бул кыз азыр бактылуу жар, мэримдуу эне
+2
bopos
2013-01-25 12:23:24
ий азаматсын Нена!
+2
Tangsuu
2013-01-25 16:51:58
Необычная певица, с необыкнавенным голосом!
-1
Jim
2013-01-25 21:31:51
Ненанын койногу кызыл тусто, артында фон дагы кызыл тусто, келишпей калыптыр. Жанында бийлеген 4 баланын бироосунун кыймылы синхрондуу эмес экен, б.а. ушундай кичинекей детальдардан жалпы клип тузулот жана бузулут. Анан дагы Ненанын ырдаганында бир нерсе жетишпей аткансыйт, же джаздын музыксыбы, билбейм.
-5
aziato4ka
2013-07-18 13:01:55
Jim, это джаз, очень легкий танец ! синхронность здесь необязательна!
-1
urmatto
2013-01-25 22:50:49
Ммм жакшы эле чыгыптыр,бирок чындап эле бир нерсе жетишпегендей.Музыкада кеп жок,унун бийигирээк алып ырдаса сонун болсо керек эле.Ошентсе деле беш деген баа койом.
0
aida1993
2013-01-26 16:18:33
Сонун ыр мага жакты. Нена эжеге чыгармачылык ийгилик
0
aika_sv
2013-01-28 01:49:06
Нэнаны жакшы кором, ар дайым шайыр журот жана жакшы ырдайт эн негизгиси. Ийгилик!!!
0
chyna_kg
2013-01-28 02:15:16
Даа нормально.
+1
Kiza
2013-01-30 13:12:17
СУПЕР! Нэна ийгилик сага! Сенин да аткаруунда жана УЛУУ эжекебиз Гулсун Мамашованын аткаруусунда да сооонун бул ыр.
+1
KyrgyzBala94
2013-04-12 11:05:33
нена эже вы супер унунуз аябай сонун экен мен сизди суйом
0
Мэри
2013-06-07 18:09:38
Мага аябай жакты, өзгөчөлүк бар, башкалардыкын кайталабаган... Бийчилери да, музыканттары да, кыскасы, баары сонун ойлонуштурулган.
Азамат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан