Аида Баякова Сүйүү жазы

Жүктөлгөн: 29-01-2013
04:08
45.85 Мб
Аида Баякова "Сүйүү жазы"
Сөзү : Р. Карагулованыкы
Обону : Т.Казаковдуку
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менен узады.
Кетпе алыска, кетпе, менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шарын ызанын.

Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң, асылкечим?
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң, асылкечим?

Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздин жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылат.

Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң, асылкечим?
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң, асылкечим?
Комментарийлер (9)
benslife
2013-01-29 20:40:06
Super info 4ooon rahmat sizderge)))men kopton beri izdep jurgonmun uwul 4ygarmany...men kubany4tamyn))))
+2
almazyaka7
2013-01-30 11:00:44
жакшы
0
Eldiyar85
2013-01-30 11:23:23
кыз ажарлуууу экен соз жок
0
Debi
2013-01-30 21:13:10
Клиптеги кыздын сулуулугу, чиркин! Сулуу деп ушуну айт! Кыргызкиносунун жылдызы боло тургандай келбети, ажары бар экен. Чыгарма, албетте, мыктылардын бири, Казаков да, Аида да жакшы ойноптур, азаматтар!
+1
Cholpon555
2013-01-31 10:21:46
Бул клип оо качанкы клип да. Андагы башкы ролдогу кыз менин группалашым Мунара. Азыр канча балалуу болуп калды экен? Мындан 5-6 жыл мурун кош койлуу кезинде кордум эле...)))
0
take41
2013-01-31 14:19:47
Аида ийгилик сага каалайм сприпкаңдын үнүн ар дайым сыбызгытып жүрө бер
+2
PIANO
2013-02-13 21:15:58
Суйуу жазы Аида эженин эн алгачкы жана хит чыгармаларынан!!!БРАВИССИМО!!!
+1
GulmirA93
2013-02-18 20:08:01
мага абдан жакты клип и музыка суппер
0
best-life
2013-02-19 13:54:09
Бул чыгарма просто адамды "убивает". Угуудан тажабай турган чыгарма. Т.Казаков агайдын чыгармасы экендигин ушул клиптен сон билдим. Ушунчалык журокту эзген чыгарма, демек агай бул чыгармада "жашаган" болуш керек... Кандай гана генийлер ушундай чыгармаларды жаратышат болду экен. Аида эжеге таазим, журокко жеткирип бергенине. Клиптин сюжетин бир аз башкачараак кылса болчудай беле, каармандар да ото сулуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан