Добр Карындашым

Жүктөлгөн: 25-02-2013
04:13
43.25 Мб
Добр "Карындашым"
Аяйым карындашым, сен төрөлгөн жаңы,
Турат күндөр эсте, көкүрөктө жанып.
Сенин алдей чагың, ыйлаганың жаңы,
Сени колго алып өтө кубанганым.
Турат күндөр эсте, жүрөгүмдө баары,
Алгач кадам шилтеп, тай-тайлагандарың.
Сенин алгач сөзүң, эрке кыялдарың,
Алгач өнөрлөрүң чыга баштаганы.
Жүрөгүмдө турат, ошол күндөр эсте,
Өмүр өтөт тура, өтөт тура мезгил.
Убакыт келди окшойт, чоңойдун сен дагы,
Түгөйүң менен кошо ээрчишип кетип калдың.
Ата-энең, агаң, синдиң менен иниң,
Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин.
Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө,
Ак жоолук салынып, жашындың көшөгөгө.

Кайырма:
Аяй карындашым, акпасын көз жашың,
Бактылуу бол, жарың менен кол кармашып.
Ата-энең жакшы берген тарбиясын,
Жүрөгүңө сактап балдарыңа тапшыр.

Жарыгы бол күйгөн, жаңы конгон үйгө,
Үй-бүлөңдү сүйгөн, жароокер бол бүлө.
Жарың менен кошо сүрө турган жашооң,
Ынтымакты камтып, бакыт жүрсүн коштоп.
Жарың болсун ата, а сен болчу эне,
Мен дагы сүйүнүп болоюн таяке.
Дарегине жетсин айтылган ак сөздөр.
Кудай үй-бүлөңдү сактай жүрсүн көздөн,
Кайда жүрбө дайым, болгун эсен-аман.
Жар, эне бол айым, жолдошуңа жаккан,
Экөөңөр кармашкан колуңар үзүлбөсүн.
Ушул күндөн баштап, экөөң бир үй-бүлөсүң.
Ата-энең, агаң, сиңдин менен иниң,
Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин.
Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө,
Ак жоолук салынып, жашындың көшөгөгө.

Кайырма:
Аяй карындашым, акпасын көз жашың,
Бактылуу бол, жарың менен кол кармашып.
Ата-энең жакшы берген тарбиясын,
Жүрөгүңө сактап балдарыңа тапшыр.
Комментарийлер (32)
bema4ka
2013-02-27 01:57:42
че красавчик..
+3
elina
2013-02-27 21:11:44
ээээээннннн сонун
+3
Guliza
2013-02-28 22:11:49
jakshy klip eken,kichine yilap dagy aldym :)
+4
Karysh
2013-03-03 00:33:30
Кайра кайра уккум келди жакшы ыр болуптур.
+4
ss90
2013-03-05 11:22:23
мен дагы ыйладым...5 байкем бар,эн кичуусу анан эркесимин да...байкелеримди абдан жакшы кором!Дорб азаматсыз!
+3
Gulnura92
2013-03-25 05:27:40
текст хороший! я тож люблю свою семью!!!
+2
maya20
2013-03-27 20:23:30
jakwu soz jok
+5
nuRchik01
2013-04-02 23:34:06
сонун чыгыптыр мага жакты!
+2
kubanych92
2013-04-26 01:34:22
супер добр молотчиксин брат!
+2
kezjibek
2013-05-03 20:58:09
Соннннун!!!!
+1
kgz93kg
2013-05-11 03:21:39
красава Добр так держать респект
+2
naklysA
2013-08-02 00:05:00
Адилет азаматсын патриот жигитсин дагы жакшы клиптерди тарта бер онорун оркундой берсин!
+2
Albengo
2013-10-09 14:35:49
Эн жакшы! Ийгилик сага Адилет!
+2
elmir13
2013-11-20 18:12:11
Урматту супердин админи бизде жаны клип бар эле новосибирскийден Эрнис Сыдыков тартып кеткен эл ыноосуна кантип кочурсок болот????сураныч
0
admin_media
2013-11-21 09:38:04
elmir13,
Саламатсызбы! Сиз купуяга да жазган экенсиз, бир жерге эле жазсаңыз жетишет. Тиешелүү бөлүм сизге купуя менен жооп берген.
0
bati1881
2015-04-16 11:54:04
сонун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан