КЕҢЕШ тобу Бир гана сен

Жүктөлгөн: 25-02-2013
03:37
45.65 Мб
КЕҢЕШ тобу "Бир гана сен"
Жалгыздайм жанымдан алыс кетсең,
Жалооруп издеймин, эгер сезсең.
Жаныма жашоонун демин берген,
Жалгызым, ишенгин, бир гана сен.
Бир гана сен, бир гана сен.

Жылдыздай жымыңдап эркелесең,
Өзүмдү бактылуу элестетем.
Өмүрдүн ачылган гүлү сымал,
Сүйүүдөн тапканым бир гана сен.

Бир гана сен, бир гана сен.

Кайырма:
Шам болуп жүрөккө жарык берген,
Жашоонун маңызы бир гана сен.
Жарашып жанымда жандап жүргөн,
Жашоодо жалгызым бир гана сен.

Бир гана сен, бир гана сен.

Өткөрүп өмүрдү сени менен,
Өзүңө арналып дайым келем.
Өрт болуп жүрөгү күйүп-жанып,
Түбөлүк сүйөрүм бир гана сен.

Бир гана сен, бир гана сен.
Комментарийлер (58)
akusya.kg
2013-07-01 13:01:16
мммммммммм
-1
Tomega
2013-07-02 18:19:26
Катардагы клиптердин бири.Эч озгоруу жок мурдагы клиптерине окшош.
0
Hanzada
2013-07-21 21:25:57
Россияда жалан Кенеш тобунун ырларын угушат ийгилик сизге
+2
azamatsultanov.tegirmenti
2013-07-22 13:05:18
ырлары да клиптери да жакшы, коро албагандар суйлой бербегилечи жон эле.
+2
fara2503
2013-08-12 07:01:11
Кыргызстанда биринчи жолу жана акыркы жолу ушундай клип тартып Кенеш тобу тарыхта калыптыр дейт имиш.
+2
nelli
2013-08-14 13:06:38
Мага жакты, ыры да клип да жакшы. Ийгилик!
0
pretty-nuri88
2013-08-14 14:46:22
Азаматсынар! сонун клип болуптур! чыгармачылык ийгилик!
0
ayaza
2013-08-14 20:33:25
Ушул эле ыры жаккан жок
0
Salim1
2013-08-17 00:53:06
ушулардан кымбат анан сапаттуу клипти куто берем. баштаганда эле Мусур байкебиз секирип титиреп баштады го...
0
nazgul-78
2013-08-17 03:15:07
ыры сонун бирок Гулмиранын макияжы начар жашы отуп калганго
-1
omurbek9393
2013-08-18 01:12:36
Макияждар кандай болгон билбедим бирок ыры да клиби да сонун экен браво!!!)))
+1
Asus84
2013-12-12 12:50:50
жакшы жакты кайра угайынчы бир
0
Almaz-85
2014-02-28 17:08:34
Сонун клип болуптур! Чыгармачылык ийгилик силерге!
0
erkele
2014-03-06 07:22:53
клиптеги кыз супер сулуусу Орункулбу?
0
Beckulan199212
2014-12-06 10:56:03
Кыз аябай жакты )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан