Калыс Жакыпов Жамгыр төктү

Жүктөлгөн: 07-03-2013
03:46
47.39 Мб
Калыс Жакыпов "Жамгыр төктү"
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамал согуп.

Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төккөн,
Ошол күндөр кайда кеткен?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?

Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.

Кайырма:

Жылдар учар канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Тунгуч сүйүү унутулбай.

Кайырма:
Комментарийлер (7)
Huntress
2013-03-07 14:22:01
Озгочоо бугунку аба ырайына салыштырып ырдалгандай болуптургоо..
Туголбай агайдын озун тарткан идея мага аябай жакты. Рахмат баарынарга! Ийгилик каалайм!
+4
hanzada_samatova
2013-03-07 20:34:46
Калыс таланттуу бала, азамат жакшы ырдаптыр клип да жакшы болуптур. Ийгилик, келечек кыргыз элинин ишеничин актаган мыкты ырчы болот деген ойдомун.
+2
admin_media
2013-03-08 14:26:19
bekzhan,
Сизге эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек.
0
mi-li-na
2013-03-09 19:40:46
Улуу инсандын чыгармасы.., ушунчалык суйуп угам.Качанкы менин жаштыгымды да эске салат,уккан сайын угуудан тажабаймын...Ушул ыр аркылуу тээ откон кундорум тасма сымал кадимкидей коз алдыма тартылат. Таазим сизге Туголбай агай!!!
+1
eli-peri
2013-03-14 01:00:21
Таланттуу бала экен, бирок, мындай ырга али эрте го...
+1
Bayan1982
2013-03-19 01:52:13
жакшы ыр бирок баланын жашына ылайык келбейт.Туголбай агай озу ырдаса болмок.
+1
Pearl.06
2013-04-11 11:37:20
Мен сизди улуу муундун эн сонун инсаны деп билем жана терен урматтап сыйлайм кудай сизге өмүр берип,эмгегиңиздин үзүрүн көрүңүз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан