Абидин Темиров Мен айрылсам, сен да менден айрылдың

Жүктөлгөн: 18-03-2013
05:30
65.08 Мб
Абидин Темиров "Мен айрылсам, сен да менден айрылдың"
Ошол кезде көзүм толо жаш болгон,
Мен сүйүүдөн баш айланып мас болгом.
Азыр сенин аз мезгилдин ичинде,
Айтчы неге жүрөгүңө таш толгон?

Кайырма:
Абалым оор, аябастан кайгырдым,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.

Гүл кетти да, куурап калган бак калды,
Үмүтүм жок, үзүлгөн бир шак калды.
Сүйкүмдүүм, ай, сүйүнтпөстөн какшаттың,
Сүйүү кетип, ичте кара так калды.

Кайырма:
Мен көтөргүс оору менен кайгырдым,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.

Бир жаныма өзүң бир жүз жан элең,
Бир жашоомо жалгыз күйгөн шам элең.
Мээрим белең, кара көз жалгызым?
Мен да сага ичим күйүп тар эле.

Кайырма:
Мынча неге көз жаш төгүп кайгырдым?
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.

Сендей адам эми такыр таппасмын,
Боорум ысып, жүрөк тынчып жатпасмын.
Ыйлап, ыйлап, көз жаштарым да тынар,
Шумкар кезде канаттарым да сынар.

Кайырма:
Мээримдүүм, ай, мен да сен деп кайгырдым,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Комментарийлер (23)
Subaru9595
2013-03-19 09:47:21
Жакшы ыр экен обону да жарашыктуу
0
sauleshka
2013-03-19 12:37:54
Yr en sonun,atkaruuchu Abidin baikebizda en jogorku dengeelde atkaryptyr.Chygarmachylyk iigilik kaalaimyn.
+1
jypar.i
2015-03-27 20:26:18
sauleshka,мен да сага кошулам. Абидин иниме берилсе болмок "Кайгылуу ырлырдын рыцары" деген наам, Асылбек Өзүбековго караганда Абидиндин ырлары муңдуурак сезилет мага. Өзү да дайыма капалуу жүрөт, азыр эле бир нерсе болуп кеткендей.Мен айтат элем, "Абидин иним, жашоо бир келет,тагдыр да жылмайып жүргөндөргө жылмайат.Башыңды көтөрүп,жакшы маанайда жүр, анткени сен таланттусуң,жакшы обондоруң, жакшы үнүң бар,сен бактылуусуң"-деп. Ийгилик каалайм, мындан ары жакшы маанайдагы,шайыр ырларды күтөбүз
0
aika_sv
2013-03-19 14:06:03
Аябай актуалдуу темалардын бири экен. Агай болсо образга кирип сонун ырдаптыр. Ал эми клиптин маанисине токтолсом, менин оюм боюнча тен тени менен баш кошкону эле жакшы деп ойлойм. Ошондо жакшы жашоо болот.
0
Anake_85
2013-03-20 20:17:14
erkele? мен аны абдан суйом ошон учун кутуп журом,мен издеп табалбай журом.
+1
Heavy
2013-03-22 11:22:50
Душевный ыр экен...
+1
Lika
2013-03-22 18:49:43
Байке ырларыныз мага абдан жагат, маанилуу, клипке соз жок, сизге ийгилик...
0
hanzada_samatova
2013-03-23 13:13:09
Ыр менен клип бир бирине мааниси жагынан жакшы айкалышыптыр, Бирок азыркы заманда кыздар эле эмес, Балдар да кыздардын байлыгына карап суйлошуп калган. Бул чындык.
+1
Mirbek.Namazbekov
2013-03-23 15:41:14
ырда клип да жакшы ото маанилуу жагымдуу экен :)
0
Gigant
2013-03-24 13:04:32
айбаан ыр экен
ох
0
alhimic
2013-03-28 04:09:01
Ай ай ай жашоо !Ё ушундай керемет чыгарма , сонун аткарылган ! сюжет да сонун кызыктуу болуптур ... алга Абидин байке :)
0
T-1000
2013-04-01 16:46:11
Булар менин группалаштарым!Айбек менен Айсулуу азаматсынар!!!Алга!
0
mitalipov
2013-06-17 16:13:20
бул ырда жашодон алындыда
0
kesh_09
2013-06-24 10:37:57
ушул ырды Каныкей Эралиеванын аткаруусундагы вариантын да кошуп койсонор жакшы болмок
0
miss2014
2013-11-10 04:04:07
Мааниси терен,уккулуктуу,суйууну байлыка алмаштырбайлы,суйууну барктайлы.
+1
meridian
2014-03-27 16:06:16
Суйуу болсун,айрылуу болбосун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан