Токтобүбү Черикчиева Биз экөөбүз

Жүктөлгөн: 25-03-2013
03:22
42.21 Мб
Токтобүбү Черикчиева "Биз экөөбүз"
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Билбейм кайдан жаралгансың сен мага?
Маңдайымдан бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай!

Же болбосо сен жаралып мен үчүн,
Жаралганда мендик болуп жаралдың.
Айтчы, жаным, а болбосо эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?

Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да ойлоруңа киришкен.
Биз, экөөбүз, эки сандай барабар,
Биз, экөөбүз, эки суудай бириккен.


Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай.
Башкалардын, башкалардын,
Миңи сага татыбай.
Комментарийлер (27)
Aelina
2013-03-28 14:45:09
Уну эмне болуп калган, жакшы жазбырбай коюшкан окшойт, уну айабай ичке болуп калыптыр озунун уну эместей болуп.
-2
4aidai
2013-04-07 17:17:16
Aelina, siz muzikany tushunboisuzbu? Ozunun unu oshondoi i4ke, soonun yrdagan.
+1
n73
2013-03-28 19:44:31
Уну абдан сонун эле болуп турат азаматсынар мага клип жакты баардыгынарга ийгилик
+5
Pearl.06
2013-03-29 11:25:43
Токтобубу мен сизди аябай сыйлайм,жакшы кором.Сизди теледен куткондор коп.Эч качан алыстабанызчы.
+2
sale-81
2013-04-02 12:40:42
жашыныз отсода унунуз ошондой еле булбулдай
+3
jaina
2013-04-08 12:07:44
Токтобүбү эженин үнү аябай жагат, суктануу менен кайра-кайра угам ырларын. Дагы да жагымдуу ырларды жарата бериңиз, чыгармачылык ийгилик сизге!
+2
akjol1989
2013-04-10 12:06:03
во мына мобу клип!!! Уну да тим эле алып учуп жонойт болок дуйного. ретро сыяктуу тартыптыр. Азаматсыз Токтобубу эже. Сураныч жоголбой журунузчу. сагынып калат экенбиз
0
АйАй
2013-04-13 23:21:13
сонун болуптур! АЗАМАТСЫЗ эжеке ушунтип жаны жаны клиптерди чыгарып бизди суйунтуп журо берин))))
0
Gulu85
2013-04-14 00:38:46
ушундай клиптерин кригизип жуктоп турушунарды суранам.рахмат
0
Мэри
2013-04-29 14:07:24
Токтобүбү эженин эң негизги өнөрү - анын комузчулугу. Ал мыкты комузчу да, аны таштабай кошо ала кетсе болмок. Убагында оркестр менен комуз чертчү да. Үнү да жакшы. Клип жакшы тартылыптыр, дагы да көп-көп ийгиликтерди жарата бериңиз...
0
Damanurcha
2013-05-09 15:13:16
менин папамдын суйгон ырчысы голосунда соз жок
0
altinim
2013-07-11 20:25:54
уну дайымкыдай кулака жагымдуу эже жашарып башкача болуп кетиптир ушул макияжы озуно сонун жарашыптыр
0
Rinatik94
2013-08-25 21:31:24
Бир коргонго да болбойт экен.
0
miss2014
2013-11-10 03:55:35
Ушул ырды Жийде тобу аткарчу эле ошону кайдан тапсам болот жана ушул тоб жонундо маалымат берип койсонуздар алдын ала рахмат.
0
nizami
2014-01-04 18:24:20
Супер кейжинин жамаатынан сураныч, Токтобубу Черикчиеванын 21-22-ноябрьда филармонияда болгон, Токтобубу Черикчиева ыр майрамга чакырат деген концертин толугу менен жуктоп койбойсунарбы? Токтобубу Черикчиеванын башка дагы видеоклиптеринен жуктоп койгулачы сураныч?
0
admin_superstan
2014-01-06 12:59:31
nizami, Саламатсызбы! Токтобүбү Черикчиеванын ал концертин биз тилекке каршы таркан эмеспиз. Ал эми башка ыр, клиптерин жүктөп койгонго аракет кылабыз. Түшүнүү менен кабыл аласыз деген ойдобуз.
0
aiza.kyrgyzkyz
2014-06-29 06:00:58
Эжеке сенин чыйылдап ырдаган унунуздон го, соонун ырдайсыз. Кайда журос корунбой?)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан