Мухтар Атаналиев Ата-энеме кат

Жүктөлгөн: 24-04-2013
04:30
49.37 Мб
Жанр: Ретро
Мухтар Атаналиев "Ата-энеме кат"
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Кадимки айыл кечи, үйлөтүп отту күйгүзүп,
Билбести билгиздиңер, үйрөтүп атты мингизип.
"Кылганың биз үчүн болсо, үйрөнгүн өзүң үчүн" деп,
Атакем, алтын апакем, мээримиң чачып сүйгүзүп.

Кайырма:
Кандайсың, ата-апа, аманбы?
Эл-журтум аман жатабы?
Кучагың жайып тосуп ал,
Сагынып күткөн, сапарда жүргөн,
Саргайып күткөн балаңды.

Кадимки айыл таңы, күн чыкпай күндө турасың,
"Балдарга бак берсин" деп Кудайдан миң жолу сурадың,
Ата бир болуп калсам да, "уулум" деп баштан сылайсың,
Атакем, алтын апакем, тилегиң берсин Кудайым.

Кайырма:
Кандайсың, ата-апа, аманбы?
Сагынып айтам саламды.
Кучагың жайып тосуп ал,
Сагынып күткөн, сапарда жүргөн,
Алыста жүргөн балаңды.

Кадимки айыл чети, ойлонуп мен да турамын,
Бирине бириң жөлөк аксакал болгон убагың.
Жашымда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү,
Атакем, алтын апакем, Кудайдан ошол сурарым.
Комментарийлер (3)
anas
2013-04-28 06:50:15
maashallah, en sonun!))
+2
i-nurbek
2013-05-04 09:36:00
Качанкы тартылган клип? Жанылап тартып койсо болмок экен. Бирок баарыбир ыры сонун. Жакты.
0
gooool
2013-07-23 21:04:50
Мааниси бар ыр,эмнеге азыркы жаштар ушул ырга жаны килип тартырып ырдашпайт экен,сонун ырго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан