СЕЗИМ тобу Энекем

Жүктөлгөн: 05-11-2009
03:58
62.47 Мб
Жанр: Поп
СЕЗИМ тобу "Энекем"
Сөзү : Эмил Балтагуловдуку
Обону : Эмил Балтагуловдуку
Сыйларым энекем,
Жыргалым энекем.
Ырларым энекем,
Асыл энем, жаш кезимден,
Мээнетиңди баалаймын.
Сенсиң менин бул дүйнөдө,
Эч табылгыс таалайым.

Узак жашап жүрөгүңдүн,
Жаш болушун каалаймын.
Ыраа көрбөйм кайгы-муңга,
Бүркөлбөсүн маанайың.

Кайырма:
Энекем, сенсиң сыйлаарым,
Ырысым, бүтпөс жыргалым.
Атыңды салып обонго,
Ардактап сени ырдадым,
Оболойт сен деп ырларым.

Жан дүйнөмө жарык берген,
Бир өзүңсүң, энекем.
Байлыгым сен, бакытым сен,
Эч түгөнгүс берекем.
Кайдан басса балам деген,
Мээрим ысык энеден.
Бул жашоомдун шам чырагы,
Сенсиң энем, сен энем.

Кайырма:
Энекем, сенсиң сыйларым,
Ырысым, бүтпөс жыргалым.
Атыңды салып обонго,
Ардактап сени ырдадым,
Оболойт сен деп ырларым.

Сыйларым, энекем,
Жыргалым, энекем,
Ырларым, энекем.

Оо, энем
Асыл энем, жаш кезимден,
Мээнетиңди баалаймын.
Сенсиң менин бул дүйнөдө,
Эч табылгыс таалайым.
Мен кубансам кошо күлүп,
Мен ыйласам ыйлайсың.
Ооруба деп кайра-кайра,
Ден соолугум сурайсың.

Кайырма:
Энекем, сенсиң сыйларым,
Ырысым, бүтпөс жыргалым.
Атыңды салып обонго,
Ардактап сени ырдадым,
Оболойт сен деп ырларым.
Энекем, сенсиң сыйлаарым,
Ырысым, бүтпөс жыргалым.
Атыңды салып обонго,
Ардактап сени ырдадым.
Оболойт сен деп ырларым,
Жыргалым, энекем.
Комментарийлер (35)
kyrgyzska
2009-11-20 14:12:55
Emil ayabai tolup ketken go?!!
0
honestbek
2009-11-21 02:45:09
3 шутук Ибрагим акалар чогулуп алгандай боп кетти гой
0
JOJO
2009-11-24 00:51:01
Айтаарым просто эс алгылачы
0
azalove
2009-11-25 23:40:33
Эмилдин уну абдан жагат да мага.
0
Эмил Балтагулов
2013-08-05 01:42:33
azalove, ыракмат
0
samsung
2009-12-05 03:23:39
AZIZA
KLIP DA IRDA SOONUN. EMIL ERNIS EDIL MOLOTSI.
0
rommel
2009-12-06 14:32:21
Энеге арналган ырды кантип жаман дейсин? Азаматсынар!
0
YomaOsh
2009-12-07 12:34:39
Ыр жакшы, бирок клипте кийген жалтыраган көйнөктөрү жана шымдары жакпады ...
0
Айби
2009-12-20 19:41:08
Azamatsin Emil! Ir aybay soonun eken! Maga aybay jakti. Baarinan asil eneleribiz jonundo ushunday jakshi irga asilbay ele koysonor bolot da! Enekelerdin ak sutu urup ketpesin.! Ancha minch kirgizcha bilbegen, irdin maanisin tushunbogon "Киргиз"derdin sozuno maani berbey ele koygula! Iygilik saga! Sama
0
korea
2010-01-02 17:54:15
molodcy!!!Ene jonundo bir da nachar yr jok,bolushu da mumkun emes...
0
janim
2010-01-08 17:53:17
жакшылап аракет кылсанар боло айланайындар......
0
KYRGYZLEE
2010-01-09 13:17:07
клипти тарткан оператордун таланты жок экени байкалып турат
0
Эмил Балтагулов
2013-08-05 01:38:24
BEKTUR AZHO, таланты бар, аракет жок, жалкоо. Бироонун идеясын укпайт. Эгоист.
0
teodorrrr
2010-01-09 21:15:27
ушу да клипби ырбы, ыр эмес пыр
0
Айдош
2010-01-09 22:48:21
Молоцы Братцы!!!!!!!!!!!!СУПЕР
0
Рафа
2010-01-20 13:10:53
Клип 20-кылымдын стилинде го. Ыр жакшы. Клип тартуу боюнча Сезим тобу жакшылап иштебесенер болбойт го.
0
Эмил Балтагулов
2013-08-05 01:36:49
Бактыгүл Сокушова, клипти биз айткан сценарий менен тартпай койду да, клипмейкер жалкоо экен.
0
rubina
2010-09-14 02:29:10
Эмил озун эле ырдасан болмок, мага сенин унун гана жакты ,уккун эле келет экен.)
0
Эмил Балтагулов
2013-08-05 01:35:32
rubina, ыракмат озум да ырдап клип тарттырам буйруса, балдарым да чыксын дедим да.
0
altynaiB
2014-12-01 08:37:50
Эмил Балтагулов, Эмил байке мен сиздин ушул ырынызды Ала Букага концерт коюп барганынызда угуп аябай жаккан эле. Чынын айтсам озунуздун унунуз да озгоруптур. Капа болбонуз бирок ырды бузуп коюпсунар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан