Керим Турапов Эне жөнүндө баллада

Жүктөлгөн: 29-06-2013
04:48
59.41 Мб
Керим Турапов "Эне жөнүндө баллада"
Тамчыдай денедеги сүтүң менен,
Талпынтып ак бешикке баккан энем.
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан,
Маңдайда менин батпас күнүм белең?..

Кайырма:
Асыл энем, таалайым - сенсиң энем,
Жыргалым - сен, бакытым - сен,
Сүйүктүү менин энем.

Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,
Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем.
Алдыңа ажал келип турса дагы,
Мен үчүн жанды курман кылат элең.

Кайырма:

Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө,
Асманда ай нурундай асыл энем.
Көзүңдүн карегиндей көп аяган,
Алтындай эмгегиңди неге теңейм?

Кайырма:
Комментарийлер (7)
Bekish-kg
2013-06-29 14:13:10
эххх энелер бар болсун
0
Nurik2
2013-06-30 02:49:36
мектепте окуп жургон кезимде мугалим эжейибиз жаттаткан эле абдан жагат!
0
Aiym94
2013-06-30 20:22:41
Мынча керемет рахмат суперге!
0
rnurzida
2013-07-01 00:59:21
тендешсиз биздин асыл ЭНЕЛЕР!
0
ebe
2013-07-01 03:09:36
супер!!!!!!!!!!
0
Riskul
2013-07-04 03:14:19
jakshy yr eken
0
tadzhibaev81
2013-12-25 17:41:14
азаматсыз аябай жакшы ырдайсыз элибиз сиз менен сыймыктанат дайыма бар болунуз жакшы ырларды жарата бериниз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан