Алтынай Нарбаева Кат жазчы мага

Жүктөлгөн: 05-07-2013
04:20
55.34 Мб
Алтынай Нарбаева "Кат жазчы мага"
Сөзү : Фатима Абдалованыкы
Обону : Шамшыбек Өтөбаевдики
Кат жазчы мага,
Бир келген биздин өмүрдө.
Дил бурак арнап,
Токтонуп калган көңүлгө.
Мен күлсөм, күлүп,
Кайгырсам, кошо кайгырган.
Мен өчпөй, өчпөс,
Бир жарык жылдыз жөнүндө.

Кайырма:
Кат жазчы мага,
Билдирип аман барыңды,
Адамдар курчап, агылган жолдо жалгызмын.
Ак желек тагып,
Ар күнү сагынч жөнөткөн,
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?

Кат жазчы мага,
Недендир абдан кусамын.
Канча жыл өттү,
А сенден дарек укпадым.
Канча бир түндөр,
Кабарың бербей койду деп
Таарынып жатып,
Сагынып жатып, уктадым.

Кайырма:
Кат жазчы мага,
Жолукпа, бирок билүүлүк.
Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч.
Катыңды жыттап,
“Жарк” этип жайнап алармын,
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.

Кат жазчы мага,
Кусадар күндөн ал сурап,
Кут болуп катың, жанымда жүрсүн ар убак.
Жообумду жазам,
Жөнөтчү дагы жаңы кат,
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Кат жазчы мага
Комментарийлер (38)
gulzinarzu-09
2013-07-10 15:37:26
Баракелде Алтынай эже!
0
bakyt.anara
2013-08-02 20:19:44
Кандай керемет ун, баары сонун азыркы окшош килипттерден караганда 10 эсе жакшы.
+1
aiza.kyrgyzkyz
2013-08-03 18:47:35
Урматуу супер инфо сиздерден сураныч Нурбакыт Разаковдун да ушул ырды ырдаган клибин киргизип койсонуздар сиздерден терен отунуч, Рахмат
0
Omarxan
2013-08-11 12:18:09
Армияга 40 чыкканда кеткенби эмне?
-1
shazi
2013-08-15 00:44:04
сонун клип болуртур мана жакты. ырын тажабай угасын
+1
MayaB
2013-08-28 21:28:26
клип эн соонун Алтынай Нарбаеванын ырдаганы абдан жагат ийгилик
0
admin_media
2013-10-07 10:12:59
goodman02,
Саламатсызбы! Катачылыктар дагы кайталанып жатабы?
0
Jamalkan
2013-10-30 02:33:16
Shamshibek Otobaevdin atkaruusunda ukchu elek,emi Altinai Narbaeva da bul irga dagi ekinchi omyr beriptir,raxmat Altinai!
0
avalon_kg
2013-11-26 03:16:08
Алтынай эже каяктан эле ушундай сонун ырларды таап алат?!
0
Oi_pikir
2014-05-01 16:58:18
avalon_kg, Ырчынын табити, ой-чабыты мыкты, ошонУчУн башкалар анча байкабай жүргөн, жүрөктү булкуп өтө турган ырларды таап, жетер жериңе жеткире ырдайт.
+1
nursyi
2013-11-28 16:13:11
Соз жок жакшы аткаруу жана клип болуптур.Авторго дагы,аткаруучуга дагы ДАНК!!!
+1
tasnim
2013-12-14 14:35:01
соз жок,кайра кайра угуп тажабайсын
0
sambo
2014-05-06 12:06:58
Клиби соонун болуптур. Башкы каармандын ролун берген кыз,азаматсың мыкты ойноптур.
0
aiza.kyrgyzkyz
2014-05-30 06:00:55
Кат жазчы маагааааа деп эле созолонтуп ырдай бере турган ыр озу эн жакшы ырдалган эжеке унунуздон сиздин мах мах чмоки))) талантынызга мин мерте таазим
0
Nyr4ik
2014-10-30 23:42:39
Созун жазып койгулачы..........................
0
azimova90
2015-01-13 17:07:16
Алтынай эженин ырларын баарын Жакшы конуп угамын ийгилик сизге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан