Элмира Кайып кызы Кыялдагы мырзага

Жүктөлгөн: 11-07-2013
02:52
36.56 Мб
Жанр: Ретро
Элмира Кайып кызы "Кыялдагы мырзага"
Мен сени түшүмдө көрдүм эле,
Жалт карап жанымдан өттүң эле.
Жаркылдап жүрчү деп кабак түйбөй,
Чачымдан аярлап өптүң эле.

Кайырма:
Санаага сайылган жебем менин,
Саргайбас кызыл гүл берем дедиң.
Түндөрүң ай чыкпай өтүп жатса,
Ай кармап бир күнү келем дедиң.

Сен мени эч кимге кыйбас элең,
Көңүлгө көрөгөч, кылдат элең.
Сезимди сестейтип сел каптаса,
Сен мени калкалап турар элең.

Кайырма:
Көзүмдөн айланган жебем менин,
Көөнөрбөс кызыл гүл берем дедиң.
Күндөрүм күн чыкпай өтүп жатса,
Күн кармап бир күнү келем дедиң.

Комментарийлер (9)
NADUW
2013-07-11 15:09:32
асман мн жердей экен азыркы клиптер менен мурунку клиптердин айырмасы.
0
FIANIT
2013-07-11 15:13:35
Эльмира эженин уну, ырдаганы мага жагат.
+11
Takai
2013-07-11 16:03:42
Ооо кудай мен кайсы жылдарга кабылып калдым? Бул озу качан тартылган клип?
Ай кармап бир күнү келем дедиң
Күн кармап бир күнү келем дедиң деген саптары жакты!
-8
Bagirra
2013-07-11 21:12:10
Бизде мукамдуу ырчылар абдан көп!
Элмира эже да кыйын ырчы, өкүнүчтүүсү жылдызы өчүп калдыбы, айтор көрбөй калдык.

0
Agusha
2013-07-12 00:57:55
тигиндей месестралардын уколь сала турган сумкасындай сумкалар таза мода болгонго апамды канча жолу суйлонтум которуп алчуу элем
0
Aygerim_tls
2013-07-12 23:57:40
ii kichinemde ushul yrdy arnoo konsertten korgondo suiunchu elem, en sonun yr!!! Elmira eje igilik kaalaim sizge!
0
arkar
2013-07-19 11:56:45
elmira ejenin erlare ayabay ukkuluktuu! sizge iygilik terde kalayem!
-1
Marjan.Murok
2013-08-01 15:23:58
takai. boordu ezdin go xa xa
0
sonka89.
2013-08-07 01:01:47
чын эле бул эмне 90чу жылдары тартылган клиппи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан