Бакыт Мамаев Тоолук кыз

Жүктөлгөн: 17-07-2013
03:39
46.55 Мб
Бакыт Мамаев "Тоолук кыз"
Сөзү : Г.Шакированыкы
Обону : Бакыт Мамаевдики
Тоолук кыз жан шеригим жагып калдың,
Чагылган жангандай бир жанып калдың.
Капыстан сезимиме бүлүк салып,
Адашкан мергенчидей мен калып калдым.

Кайырма:
Издегеним, сен элең даалайдан издегеним,
Канча ирет өзүңдү издебедим.
Кечтентип жолугуууну,
Эмнеге күздө дедиң.

Тоолук кыз назданбачы талып кеттим,
Тоолордун шар суусундай агып кеттим.
Адашып жалгыз калган кайберендей,
Арзуумду айта албастан мен калып кеттим.

Кайырма:

Тоолук кыз томсортпочу өчүң бардай,
Элесиң тиктей берем көзүмдү албай
Кайрылчы, кадырлашып жүрөлүчү,
Бир-бирин кыя албаган асылдардай.

Кайырма:
Комментарийлер (7)
bekzhan
2013-07-18 03:09:17
Джеки Чанга окшош экен
+1
Agusha
2013-07-18 03:34:57
пай пай пай
0
never-cry
2013-07-18 08:26:31
ufff uwundai yrlar ech jakpait
0
bosmos7
2013-07-18 18:59:54
Ырбы же суйлоп жатабы?
0
chinara.1967
2013-07-22 16:30:52
Ырдап жатат, Бали Бакыт классташым,сенин ырындын маанисин тушунгон адам гана барктай алат.Алга Бакыт алга!!!!
0
jibi
2013-07-20 14:17:37
ununuzgo bereke
+1
Kamolovna
2013-07-22 11:37:54
жакшынакай эле ыр болуптур. мага жакты
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан